Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:00

СЕУЛ "КҮН ЧУБАК" САЯСАТЫН САКТАГЫСЫ КЕЛЕТ


Кошмо Штаттардын президенти Жорж Буш Түндүк Кореяга байланышкан жаңжалды дипломатиялык жолдор менен жөнгө салганга үмүттөнөт. Жакынкы күндөрдө бул тема Вашингтондо америкалык, түштүк кореялык жана япониялык дипломаттардын атайын жолугушуусунда талкууланат. Ал эми Корей жарым аралынын түштүгүндөгү калктын көбү Пхеньяндын атомдук программасынан анчейин деле кооптонбой тургандыгын ырасташты.

Техаста, менчик ранчосунда бейшемби күнү сөз сүйлөп, президент Жорж Буш баарыдан мурда түндүк кореялык лидер Ким Чен Ирди өз элин ачарчылыкка туш кылганы үчүн айыптады. Кошумчалай кетели: 90-жылдарда башталган азык-түлүк каатчылыгынан, эл аралык гуманитардык уюмдардын болжолдуу санактары боюнча, Түндүк Кореяда 2 миллионго чукул адам апаат тапты. ”Биздин көңүлүбүз кенен,-деп айтты Буш,- бирок өз элин ачка калтырган адамга пейилибиз ийибейт”. Ошентсе да Буш Пхеньяндын атомдук программасына байланышкан чатак жайчылык жол менен жөнгө салынарына ишенич билдирди. “Массалык кыргын салуучу куралдарды өнүктүрүү жана алардын таркалышына көмөктөшүү Корей Элдик Демократиялык Республикасынын,анын элинин таламдарына ылайык келбей тургандыгын досторубуздун жана союздаштарыбыздын жардамы менен Түндүк Кореяга түшүндүргөнгө аракет кылып жатабыз”,- деп айтты Буш. Вашингтон менен Пхеньяндын ортосунда тикелей сүйлөшүүлөрдү өткөрүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө Буш кеп кылган жок, бирок мамлекеттик департаменттин өкүлдөрү ырасташкандай, алдыдагы күндөрдө Вашингтонго түштүк кореялык жана япониялык жогорку даражалуу дипломаттар келишет. Алар менен мамлекеттик катчынын Чыгыш Азия боюнча орунбасары Жеймс Келли Пхеньяндын атомдук программасына байланышкан проблеманы чечүүнүн жолдорун талкуулайт. Андан соң америкалык дипломат регионго сапарга аттанат. Кошмо Штаттары, айрым баяндамачылардын айтымында, Чыгыш Азиядагы өнөктөштөрү Пхеньянды изоляциялаганга кол кабыш кылат деп үмүттөнөт.

Деген менен Вашингтондун мындай пландары Сэулдун өзүндө каяшага туш болду. Түштүк Кореянын эмдиги айда бийликтен кетип жаткан президенти Ким Дэ Чжун аптанын башында өкмөт жыйынында сүйлөгөн сөзүндө коммунисттик режимдерди саясий жана экономикалык кырчоого алган ыкма дегеле үзүрлүү болбогондугун белгилеп, анын бир мисалы катары Кубаны атаган эле. Анын соңунан өлкөнүн жаңы президенти Но Му Хен да Пхеньянды изоляциялоо саясатын сынга алды. Президент Но Му Хен февралда ырасмий түрдө бийликти өткөрүп алат, ал шайлоо маалында азыркы президент Ким Дэ Чжундун түндүк Кореяга арналган “күн чубак” саясатын улантканга убада берген. Муну түштүктөгү корейлердин көбү кубаттай тургандыгын жакындагы иликтөөлөр кайрадан ырастады. Сэулдагы YTN телеканалы менен Munhwa ILbo гезити биргелешип өткөргөн сурамжылоодо собол-сопкутка жооп бергендердин дээрлик 66 проценти Пхеньян менен “күн чубак” саясатына негизденген алакаларды өнүктүрүүнү талап кылышкан. Респонденттердин көпчүлүгү түндүктөгү режим өзүнүн атомдук куралын түштүктөгү улутташтарына каршы колдоноруна ишенишпейт. Болгону алардын 30 проценттейи гана Пхеньянды дүйнөлүк жамааттын кысым-кыйгагына кабылбас үчүн өзүнүн атомдук программасын жабышы керек деген пикирин билдиришкен.

Түштүк Кореянын өкмөтү проблеманы дипломатиялык ыкмалар менен чечкенге аракеттенип, аттуу-баштуу өкүлүн Кытайга аттандырды. Эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин орунбасарлары Пекинде сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Сэулдун өкүлдөрү кийин Ройтерге билдирген маалыматтар боюнча, Кытай колдо бар мүмкүнчүлүгүн пайдаланып, Түндүк Кореяга таасир көрсөткөнгө убада берди дешет. Эгер бул кабар ырасталса, анда ырасмий Пекиндин Пхеньянга байланышкан позициясында олуттуу бурулуш болгондугун айтканга болот. Кытай өзүнүн негизги союздашы эсептелген Түндүк Кореяга буга чейин кандайдыр бир кысым көрсөткөнгө аракет кылган эмес. Түндүк Кореянын Кытайдагы элчиси Чо Жинь-Су “жаңы кылымда тынчтыкка кооп түзгөн негизги коркунучтарга кошулуп, Кошмо Штаттары кансыз согуштун оролунда ойлонуп жатканы жана Пхеньянды атомдук куралдар менен коркутканга өткөнү үчүн” айыптады. Ал ошол эле учурда проблеманы чечүү үчүн эч кандай шарт койбостон Вашингтон менен сүйлөшүүлөрдү баштаганга Пхеньян даяр экендигин да бышыктады.
XS
SM
MD
LG