Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:37

УИЛЬЯМ МАККИНЛИ


Муса Мураталиев, Москва Уильям Маккинли бийликте турган кезде Кошмо Штаттар империалисттик саясат кабыл алган. Бейпилдик кез келген. Андай бейпилдүү кез Маккинлиден мурунку президенттердин арасынан Монронун, кийинки президенттердин арасынан Эйзенхауэрдин тушунда болгон. Өлкө мүңкүрөөнүн соңуна чыккан. Экономика кризистен арылып, жумушсуз калган миллиондогон кишилер кайрадан иш табышкан. Фермерлер чарбасы өнүгүп, биржа рыногу күчүнө кирген. Ошого карабай Уильям Маккинли киши колдуу болуп өлгөн.

Уильям Маккинли бийликте турган жылдары кылым жаңырды. 19-кылым байып, 20-кылымдын тушоосун кесилди.

25-президент Маккинли бийликте турган жылдары АКШ империалисттик саясатты кабыл алды. Ошол себептүү 1898-жылкы испан-америка согушу дүйнөлүк тарыхта империалисттик согуш деп аталган.

Уильям Маккинли 1843-жылы 29-январда Огайо штатына караштуу Найлес калаасында колунда бар эне-атадан туулган. Бирок бай бүлөдө туулса да жупуну жашап өскөн. 18 жашында Граждандык согушка өз ыктыяры менен катышып, майор наамына жетип, согуштан кайткан.

1871-жылы банкирдин кызы Ида Сэкстонго үйлөнгөн.

Уильям Маккинли Конгресске шайланган. Андан кийин Огайо штатына губернатор (1891-95) болуп шайланган. Республикачыл партия аны президенттикке талапкер кылып көргөзгөн. Маккинлинин аты марага жеңиш менен келген.

Ошол жылдары Испания ээлик кылган колонияларда элдердин эркиндикке чыгуу көтөрүлүшү пайда болгон. Аны Испания ырайымсыздык менен басып турган. Америка арага түшө баштаган. Анын акыры келип эки мамлекеттин ортосундагы согушту пайда кылган.

Бир жылга чукул жүргөн кармашта Кошмо Штаттардын деңиз флоту Испаниянын атлантикалык флотун бүтүндөй талкалап, жеңишке жетишкен. Испания ага дейре ээ болуп келген колонияларынан чегинүүгө аргасыз болгон. Парижде тынчтык келишими түзүлгөн. Америкага ошондон тарта Пуэрто-Рико, Гуам, Филиппин аралдары өткөн. Кызык жери, Мадрид келишимге кол коер алдында Филиппин үчүн 20 миллион доллар ооз басырык сураган. Аны өндүрүп алгандан кийин аталган аралдарды Америкага өткөрүп берген.

Жаңы жерлердеги мүмкүнчүлүктү пайдаланып, АКШ кеңиричиликке жетишкен. Пуэрто-Рико эки океан чукул келген кысыкта жаткандыктан, ал жер аркылуу Панама каналын казуу башталган. Ал канал Тынч океан менен Атлантика океанын бириктирүүчү абдан чукул жол болчу. Ал ачылганда Американын кемелери эки океан үстүндө коопсуз сүзүп жүрүүгө мүмкүндүк алганы жаткан. Дагы бир олжо -Филиппин эле. Ал мамлекет аркылуу Кытайдын бай соода рыногуна аралашуу мүмкүнчүлүгү пайда болгон.

Ошондуктан тарыхчылар "Уильям Маккинли келген жылдар - Американын тарыхындагы бурулуш жылдар болду. Испаниянын колонияларынын кыйласын каратып алуу Американы жаңы ири державага айлантты" деп жазган.

Ал жылдары бейпилдик кез келген. Андай кез Маккинлиден мурунку президенттердин арасынан Монронун, кийинки президенттердин арасынан Эйзенхауэрдин тушунда болгон. Өлкө мүңкүрөөнүн соңуна чыккан. Экономика кризистен арылып, жумушсуз калган миллиондогон кишилер кайрадан иш табышкан. Фермерлердин чарбасы өнүгүп, биржа рыногу күчүнө кирген.

Мындай ийгилик республикачылар партиясынын атын чыгарды. Ошол себептен Маккинли өзүнүн ысмын экинчи жолу президенттикке талапкер кылып каттаткан. Ал жолу да Уильям Маккинлинин аты марага жеңиш менен келген. Маккинли ал жолу өзүнө вице-президент кылып Нью-Йорк калаасынын губернатору Теодор Рузвельтти дайындаган.

Жарым жыл өткөндөн кийин, 6-сентябрь (1901) күнү, Буффало калаасында ачылганы жаткан көргөзмөгө келген президентке кол салуу болду. Кылмышкер тапанча менен эки жолу атып, Маккинлини оор жарадар кылды. Аткан киши анархист Леон Чолгош болуп чыкты.

Врачтар президенттин өмүрү үчүн жети күнү күрөшүп, бирок аны ажалдан куткарып алып кала алышпады. 1901-жылдын 14-сентябрында таңга маал АКШнын 25-президенти дүйнөдөн кайтты.

Ошол эле түнү Теодор Рузвельт расмий чөйрө алдында касам ичип АКШнын 26- президенти болуп бийликке келди.
XS
SM
MD
LG