Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:32

Орусиянын Коопсуздук Кеңешинин катчысы Ашхабадда Түркмөнстандын президенти менен жолукту.


Ашхабадда Орусиянын Коопсуздук Кеңешинин катчысы Владимир Рушайло Түркмөнстандын президенти Сапармурат Ниязов менен жолугушту. «ИТАР-Тасс» маалымат агенттиги кабарлагандай, эки жетекчинин көзмө-көз кездешүүсү 5 сааттан ашып барып аяктады. Жолугушуунун соңунда В. Рушайло Орусия Түркмөнстанга президент С. Ниязовдун өмүрүнө кол салуу аракетин иликтеп-тергөөдө жардам көрсөтөөрүн билдирди. «Биз эл аралык терроризмге каршы күрөштү, анын алкагында жакында түркмөн президентине каршы кыянатчылык аракетин да талкууладык. Орусия бул кол салууну террордук акт деп эсептейт жана аны иликтөө иштерине биз көмөк көрсөтөөрүбүзгө ишендире кетмекчимин», - дейт Москванын расмий өкүлү. В.Рушайло жана Түркмөнстандын коргоо министри Режепбай Аразов эки өлкөнүн коопсуздук кызматтарынын ортосундагы кызматташтык тууралуу макулдашууга кол коюшту. Белгилүү болгондой, президент С. Ниязовго кол салуу аракети жасалгандан көп узабай, окуяга тиешеси бар деген шек менен 4 чечен кармалган. Булардан башка, жакында эле өз ыктыяры менен колго түшүп берип, өмүрүнүн акырына дейре түрмөгө кесилген Түркмөнстандын мурдагы тышкы иштер министри Борис Шихмурадов да Орусиянын жараны.

XS
SM
MD
LG