Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:24

2002-ЖЫЛДЫН ОРЧУНДУУ ОКУЯЛАРЫ.


Жыл тогошор маалга саналуу убакыт калды. Быйылкы жыл тарыхка кандай санжыра менен кирет? Дегеле быйыл эсте калар кандай маанилүү жана орчундуу окуялар болду?

2002-жылдагы орчундуу окуялар тууралуу кеп кылганда, баарыдан мурда мындан он эки ай мурда, 1-январда Европанын 12 өлкөсүндө жаңы орток валюта – евро жүгүртүүгө түшүрүлгөнү эске келет. Кеңири ташбыйкатталбаганы менен еврого америкалык доллардын дүйнөлүк гегемонизмин ооздуктоо озуйпасы жүктөлгөнүн баары билет. Европалыктардын бул мураты канчалык өлчөмдө акталат, аны, буйруса, келечек көрсөтөт. Бирок евро азыркы тарыхтын олуттуу окуясы болуп калганында талаш жок. Ал эми жылдын масштабындагы ири иштерден эрте баарда Израилде жасалган жан кечтилик акцияларды, анын айынан жөөт аскерлери палестин аймактарында узак мөөнөттүү операцияларды баштаганын айтса болот. Ошентсе да 2002-жылдын көктөмү америкалык бир нече ири компаниялардын финансылык былыктарына байланышкан жаңжалдар менен көптөрдүн жадында калды десе болот. Апрелде “Ксерокс” фирмасы кирешелердин көлөмүн 4,5 миллиард долларга ашыра жазып алганы ашкере болду, анын соңунан ушундай эле аксымдыктын айынан телекоммуникациялык “Уорлдком” корпорациясы өзүн банкрот кылып жарыялады. ”Энрон” баш болгон бир катар ири компаниялардын жуйкурлугу, жалпы эсепте алганда, 2002-жылы америкалыктардын акция түрүндөгү байлыгын дээрлик 5 триллион долларга бөксөрттү дешет.

Жаз жана жай айларындагы орчундуу окуя катары дүйнөлүк бир катар маалымат агенттиктери президент Жорж Буш менен президент Владимир Путин 24-майда Москвада кол коюшкан келишимдерди аташты. Документтерде тараптардын стратегиялык куралдарын кыскартуу жолдору, эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердин жаңы доору башталганы белгиленди. Мындан тышкары 9-июлда Дурбандагы жыйында Африка союзу жарыяланганын да эскере кетүүгө арзыйт. Бул уюмдун түзүлүшү, көпчүлүк баяндамачылардын пикиринде, континенттеги саясаттын таасирдүү субьекти пайда болгондугун билдирет. 2002-жылдын акыркы үч айында, айрыкча ноябрда маанилүү окуялар көп болду. Октябрдын этегинде Москвада Дубровка театры барымтада калып, атайын операция маалында 130дай адам газга уугуп набыт болду. ООНдун Коопсуздук Кеңеши ноябрдын башталышында Иракта эл аралык аскерий инспекцияны кайра жандантуу жөнүндө резолюция кабыл алып, азыр бул иш кыйгас кызып турган маал. 2002-жылдын башында президент Буш Иракты Иранга жана Түндүк Кореяга кошуп, азыркы дүйнөдөгү “балакеттин үчилтиги” деп атаган эле. Жуп жыл бүтөр алдында Пхеньяндын да проблемасы пайда болду. Ошол эле ноябрда НАТО европалык жети өлкөнү жакынкы аралыкта өзүнө мүчө кылып аларын жарыялады. Анын алдында Пекинде КПКнын курултайы болуп, партиялык бийликке кытайлык коммунисттердин үчүнчү муундагы өкүлдөрү келишти. Жыл аяктап баратканда болсо уруксуз жол менен жасалган биринчи адамтана төрөлгөнү жарыяланды. Клон технологиясы, кыргыздар айткандай, эми аялдарга күлгө оонап эле бала төрөп алганга мүмкүндүк берет дешет. Бирок адистер азырынча мунун чындыгына ишенбей жатышат. Акырында бир катар басылмалар, анын ичинде британдык “Файнэншл таймс” гезетасы жылдын эң мыкты адамы деп америкалык президент Жорж Бушту атады. Басылманын баасында, Буштардын кланы америкалык президенттердин тарыхына талашсыз из калтырат. Ал эми 2002-жылдын эң ооматсыз адамы делинип атактуу ырчы Майкл Жексон аталды. Бул жылы ал бир да ырын жаздыра албаганы аз келгенсип, көп сандагы операциялардан улам бей-бешенеси дит баккыстай болуп бузула баштады дешет. Дагы бир жаңылык: иликтөөлөр көрсөткөндөй, Түндүк Атлантиканын эки өйүзүндө жашаган, дүйнөдөгү эң байгер, ушундан улам ооматтуу адамдар деп саналган америкалыктар менен британдыктар өздөрүн анчейин деле бактылуу санашпайт экен. Эмнеге дегенде, америкалык жазуучу Амброз Бирченин “Шайтан сөздүгүндө” айтылгандай, бактылуу сезим аларда башкалардын бактысыздыгын көргөндө гана пайда болот окшобойбу. Ал эми россиялыктар болсо 2002-жылы дээрлик 46 миллиард доллар акчаны жалаң парага сарптаганга аргасыз болушуптур. Деген менен сөзүбүздү кантсе жакшы тилек менен бүтүргүбүз келет. Жаңы жыл сиздерге, жалпы баарыбызга, ылайым, жалаң жакшылык алып келсин! Жаңырган жыл менен ар бир үйгө үт кирсин, үткө кошо кут кирсин!
XS
SM
MD
LG