Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:44

Президент А. Акаев кыргызстандык христиандарды майрамы менен куттуктады.


БИШКЕК. 7-январда христиан динин тутунгандар Иса пайгамбардын туулган күнүн белгилешет. Бул майрамга байланыштуу президент Аскар Акаев христиан динине сыйынган кыргызстандык жарандарга маалымат каражаттары аркылуу куттуктоо жолдоду. Өз куттуктоосунда президент мусулмандардын Орозо айт, христиандардын Рождество өңдүү диний майрамдары жарандык биримдиктин, тынчтыктын жана ынтымактын өлкөсүнүн пайдубалын бекемдээрине ишенгендигин билдирген. Ушул эле майрам алдында Бишкек жана Борбор Азия митрополити Владимир жалпы христиандарга кайрылуу жолдоду. Кыргызстанда учурда христиан динин туткан бир миллионго жакын жаран бар экендиги айтылууда.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG