Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:23

Аксы окуясында жабыр тарткандар Майлуу-Суу шаарындагы соттун чечимин жокко чыгарууну талап кылышууда.


Бакыт Аманбаев

БИШКЕК. Аксы окуясында каза болгондордун жакын туугандары жана милиция кызматкерлеринен таяк жегендер, бардыгы болуп он беш адам, 4-январда Жогорку Кеңештин кош палата төрагаларына, Башкы Прокурорго, массалык маалымат каражаттарына, эл аралык уюмдарга кайрылуу жолдошту. Кайрылуу ээлери жогорку бийлик жетечилеринен Майлуу-Суу шаарындагы Аксы окуясында күнөөлүү деп табылгандардын үстүнөн болгон соттун чечимин жокко чыгарып, кайрадан Кербенде жаңыдан сот процессин өткөрүүнү талап кылышкан. Жабырлануучулардын билдирүүсүнө караганда, өткөн жылдын 24-декабарынын 28-декабарга чейин Майлуу-Суу шаарында өткөрүлгөн сот жараянына жабырлануучулар менен күбөлөр толук катыштырылбай, сот процесси башынан аягына чейин Кылмыш-Жаза Кодексин одоно бузуу жолу менен өткөрүлгөн. Бул тууралуу ишемби күнү Аксы окуясында жабыр тарткандарды коргоо комитетинен кабарлашты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG