Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:45

Кыргыз-тажик чек арасында нааразылыктар пайда болду.


БАТКЕН. 3-январдын кечинде, Баткен областына жамаатташ кыргыз-тажик чек арасындагы Көктерек аймагына орнотулган Кыргызстандын бажы постун, Тажикстандын Исфара районунун Мачаи жана Чарку айылдарынан 300гө чамалаш тургундары келип, кулатып салышкан. Аны уккан жергиликтүү кыргызстандык жүзгө жакын жаран Жакөрүк анклавынын жанына коюлган тажик тараптын постун бузуп кетишкен. Бул тууралуу 4-январда Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Ушул эле күнү Баткен областынын губернатору Мамат Айбалаевдин «Азаттыктын» кабарчысына билдиргенине караганда, тараптардын мындай кадамдарга барышына эки өлкө ортосундагы талаш аймактар боюнча 1998-жылы кабыл алынган макулдашууну Тажикстан тараптын аткарбай койгондугу себеп болгон. Исфара районунун жетекчилиги ал макулдашууну бузуп, үч ай мурда Жакөрүк анклавынын жанына чек ара постун койгон. Бул пост орто эсеп менен Баткен, Сүлүктү аймагында жайгашкан 150 миң чамалаш жергиликтүү калкты ары-бери каттоо учурунда текшерүүдөн өткөрүп турат. Постту алып салуу тууралуу Кыргызстан тараптын сунушу колдоо таппаганда, Баткен району өз тарабынан Жакөрүктөн 600-700 метр алыс жайгашкан Көктерек аймагына бажы постун орноткон.
Губернатордун айтымында, 3-январдагы окуядан кийин элди тынчытуу үчүн эки тарап тең түнү менен бажы постторун убактылуу кайра орнотушту. Эми аны макулдашууга ылайык алып салуу үчүн сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG