Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:15

Сеулда эң бийик имарат курулмак болду.


Түштүк Кореянын башкалаасы – Сеул шаарынын бийликтери Сеулда дүйнөдөгү эң бийик имаратты куруу жөнүндөгү келишимге кол коюлганын жарыялашты. Сеул шаардык бийлиги жана Кореядагы чет элдик компаниялар ассоциациясы кол койгон келишимге ылайык, Түштүк Кореянын башкалаасында жакында бийиктиги 540 метрлик бизнес борбору салына баштайт. Көк мелжиген болочок мунара бардыгы 110 кабат, мансарда жана жер астындагы 10 кабаттан туруп, азыркы тапта дүйнөдөгү эң бийик курулуш саналган Куала-Лумпурдагы Петронас эгиз мунарасынан 88 метрге жогору болмокчу. Сеулдун бийликтери, бирок, дымактуу долбоорду ишке ашыраардан мурун, Корея Республикасындагы айрым чектөөлөрдү мыйзамдуу түрдө жеңиши керектигин эскертишти.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG