Азербайжанда бүгүн сот белгилүү оппозициячыл лидер, Исламий партиянын жетекчиси Нажяда Нуриевди 3 жылга эркинен ажыратты. Сот өз өкүмүн Нуриев былтыр чек арадан өтүп баратып, бийлик өкүлдөрүнө пара берүүгө аракеттенген жана аларга каршылык көрсөткөн деген кинелерге негиздеди. Оппозициячы эми арыз менен Азербайжандын Аппеляциялык сотуна кайрылса болот. Кечээ Нуриевдин ишин караган Астара шаардык сотунун алдында оппозициячынын 1000дей тарапкерлери демонстрация өткөрүшкөн.