Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:09

Кыргызстандык оппозициячыл «Моя столица» гезитинин башкы редактору Александр Ким, гезитке каршы куугунтуктун артында президент Аскар Акаев турат деп эсептейт.


Кыргызстандык оппозициячыл «Моя столица» гезитинин башкы редактору Александр Ким, гезитке каршы куугунтуктун, ондон ашуун сот иштеринин артында өлкө президенти Аскар Акаев өзү турат деп эсептейт. «Ассошэйтед пресс» агенттиги Александр Кимге шилтеме берип жазгандай, акыркы айларда эле бул эркин басылмага каршы 13 иш козголуп, сотто каралды жана алардын ар бири боюнча "Моя столицага" 1000 доллардан 65 миң долларга чейинки айыптар тагылды. Гезитти жоопко тартууну өтүнүп, сотко Кыргызстандын премьер-министринен тарта бир катар өкмөт мүчөлөрү, депутаттар, бизнесмендер кайрылышкан. Көпчүлүк учурда сот, «Моя столица» гезити алар тууралуу жалган маалымат, ушак-айың тараткан деген бүтүм чыгарган. «Моя столица» гезити кыргыз бийлигинин, президент Акаевге жакын адамдардын коррупциялык иштери тууралуу макалаларды тынбай жарыялап келет.

XS
SM
MD
LG