Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:45

Түркиянын премьер-министри Сирияга, Мисирге жана Иорданияга аттанды.


Түркиянын премьер-министри Абдулла Гүл Ирак кризисин элчилик жол менен жөнгө салуунун жолун табуу максатында Сирия, Мисир, Иорданияга аттанды. Кечээ түрк президенти Ахмед Неждет Сезер Багдадды багындыруунун куралсыз жолдору бар экенине басым жасаган. Ишембиде түрк премьери Абдулла Гүл Сириянын борбору Дамаскка барып, бул өлкөнүн президенти Башар Ал-Ассад менен кездешти. Эртең ал Каирде Мисирдин президенти Хосни Мубарак жана Араб Лигасынын башкатчысы Амр Мусса менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Дүйшөмбүдө Түркиянын өкмөт башчысы Иорданиянын падышасы Абдулла менен жолуккан соң, Анкарага кайтат. Түркия башынан эле Ирактагы согуш түрк экономикасына терс таасирин тийгизип, Түркиядагы күрттөрдүн боштондук кыймылын көкүтөт деп чочулап, куралдуу акцияга каршы экенин жашырбайт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG