Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:49

Ирактагы эл аралык инспекция улантылууда.


Улуттар Уюмунун курал-жарак боюнча инспекторлору Ирактын борбордук бөлүгүндөгү бир катар жайларды кыдырып, массалык кыргын салчу куралды издөөнү улантышты. Эл аралык инспекторлор Ирактагы иши тууралуу отчетун Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешине 27-январда өткөрүп берүүгө тийиш. Ал учурда Пентагон, буга чейин Ирактын тегерегиндеги Перс булуңу менен Түркияда 64 миңдей АКШ аскери жайгаштырылса, жакынкы жумаларда аларга дагы 25 миңдей аскер кошулаарын маалымдады. Кечээ Техас штатындагы аскерий базага барган Кошмо Штаттардын президенти Жорж Буш, Саддам Хусейн куралсызданбаса, коогалуу кесепеттерге туш болоорун дагы бир ирет эскертти. «Ирак режиминин тагдырын ал өзү кабыл алчу чечимдер аныктайт. Саддам согушту болтурбаш үчүн эмне кылышы керектигин биздин сөздөрүбүздөн улам сопсонун билет. Ал каршылык көрсөтүүнү токтотуп, саясатын өзгөртүшү керек, мындан башка жол жок», - деди АКШ президенти.

XS
SM
MD
LG