Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:36

Эксперттик топ Конституциянын жаңы долбоорун түзүүгө киришти.


БИШКЕК. Президент Аскар Акаевдин жардыгы менен 2-январда түзүлгөн эксперттик топ Кыргызстандын Конституциясынын жаңы редакциясын иштеп чыгуу боюнча кезектеги отурумуна дүйшөмбүдө чогулат. Бул тууралуу 5-январда топтун мүчөсү, улуттук проблемалар фондунун президенти Нина Векуа билдирди. Анын айтымында, эксперттик топтун алгачкы отуруму 3-январда болуп, анда ишти уюштуруу маселелери талкууланган. Курамы 17 кишиден турган эксперттик топ, президенттин жардыгына ылайык, Конституцияны өзгөртүүлөрдү жана түзөтүүлөрдү киргизүүгө байланыштуу жалпы элдик талкуу учурунда келип түшкөн сунуштарды экспертизадан өткөрүп, анын негизинде 13-январга чейин Башмыйзамдын жаңы редакциясын даярдап, президентке сунушташы керек. Айрым расмий бийлик өкүлдөрү референдум январь-февраль айларынын аралыгында өтөөрүн болжолдоп жатышат. Бирок, президент жаңы Конституция долбоорунун акыркы редакциясын дароо референдумга коебу же Конституциялык Кеңешмеге кайра сунуштайбы, бул маселе боюнча пикирин айта элек.
Конституцияга киргизиле турган өзгөртүүлөр жана кошумчалар алгачкы ирет сентябрь айыда Конституциялык Кеңешмеде талкууланып, анын жыйынтык документи октябрь айынан баштап элдин кеңири талкуусуна коюлган.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG