Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:29

СЭУЛ ДИПЛОМАТИЯЛЫК КҮРДӨӨСҮН КҮЧӨТҮҮДӨ.


Түштүк Кореянын улуттук коопсуздук кеңеши ишемби күнү атайын жыйын өткөрүп, түндүккореялыктардын атомдук программасына байланышкан кырдаалды талкуулады. Кризисти жөнгө салуу боюнча конкреттүү кандай сунуштар кабыл алынганы белгисиз, алардын баарын Сэулдун өкүлдөрү алдыдагы күндөрдө Вашингтондо болгону жаткан жолугушууда айтышат дешет. Ушул эле маселени талкуулоо үчүн ишемби күнү Москвага Түштүк Кореянын тышкы иштер министринин биринчи орунбасары келди.

Жума күнү Пекинде пхеньяндык элчи Чо Жин Су эмне үчүн Түндүк Корея өзүнүн атомдук программасын кайра жандантканга аргасыз болгондугун түшүндүрүп, муну жалаң КНДР менен АКШнын ортосундагы проблема деп атаган эле. Корей жарым аралындагы азыркы кризиске, элчинин сөздөрү боюнча, америкалык администрациянын агрессивдүү аракеттери себепчи болду. Андыктан бул маселе эки өлкөнүн ортосунда гана чечилиши керек. Мунун шарты катары Чо Жин Су Вашингтонго өз ара кол салышпоо пактысын түзүүнү сунуш кылды. Эгер америкалыктар ушуга макул болсо, анда жарым аралдагы атомдук кризис алам саатта чечилет, деп ишендирди элчи. Бирок АКШнын мамлекеттик департаментинин өкүлү Ричард Баучер мындай келишим түзгөнгө Вашингтондун ыкыласы жоктугун ырастады, ошол эле учурда ал америкалыктардын түндүккореялыктарга душмандык ниети да жоктугун кошумчалады. Президент Жорж Буш болсо Кытай, Россия жана Түштүк Корея ушу тапта Пхеньянга кысым көрсөтө баштаганын белгилеп, Корей жарым аралында атомдук дүрмөттөрдүн кампасын түзгөнгө эч ким кызыкдар эместигин эске салды.

Деген менен кырдаалга агылгалап байкоо салып турушкан аналитиктер Иракка каршы согушка активдүү азырланып жаткан Вашингтон администрациясына Багдадга кошо бир эле мезгилде Пхеньяндын да чарасын тапканга кантсе да саясий-дипломатиялык ресурстардын таңкыстыгы сезиле баштады дешет. Ошол себептен Кошмо Штаттар азырынча Түндүк Кореяга өзгөчө түсүн үйрүбөй кое турууну чечсе керек. Байкоочулар мындан тышкары пхеньяндык элчинин Пекиндеги сөздөрүн да Ким Чэн Ирдин күн мурунтан камдалган позициясынан акырындап кайта баштаганына жорушту. Түндүктөгү коммунисттик режим, кыязы, өзү болжогон айрым иштер орундалды деген ойго келген шекилди. Бери эле дегенде аралдын түштүгүндөгү корейлер арасында акыркы кездери антиамерикалык маанай кескин жанданып кетти. Жада калса жаңы шайланган президент Но Му Хен түндүктөгү режимди катаң саясий жана экономикалык санкциялар менен жазалоону сунуш кылган Вашингтондун пландарын четке какты. Президент Но түндүктөгү улутташтарга арналган “күн чубак” саясатын улантканга чечкиндүү экенин ырастады.

Кырдаалды акыркы чегине жеткирбес үчүн Сэул Пхеньянга сөзү жана кадыры өтө турган өлкөлөр менен активдүү масилет өткөрө баштады. Кытайдан соң ишемби күнү Москвага Түштүк Кореянын тышкы иштер министринин биринчи орунбасары Ким Хан Гюн келди. Бул жерде ал жогорку даражалуу орус дипломаттары менен кең-кесири консультацияларды өткөргөнү жатат. Сэулдук найып министр келер алдында орус тышкы иштер министринин биринчи орунбасары Вячеслав Трубников Түндүк Корея ядролук куралдарды таркатпоо келишимине кол койгон өлкө катары өзүна алган милдеттенмелерин так аткарууга тийиш деп билдирди. Пхеньян мындан тышкары, орус дипломатынын сөзү боюнча, МАГАТЭ менен түзүлгөн келишимдин шарттарын да кынтыксыз сакташы керек.
Корей жарым аралындагы стабилдүү кырдаалга Россия геосаясий стратегиядан тышкары таза экономикалык жүйөөлөрдөн улам да кызыкдар. Атап айтканда, Москва эки корей өлкөсүн Сибирдеги темир жол түйүнү менен туташтыра турган курулуштун долбоорун сунуш кылганы белгилүү. Трансазиялык мындай магистраль иштеп калса, Россия андан итапкан эле пайда табат эле.
XS
SM
MD
LG