Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:54

ИРАКТАГЫ ИНСПЕКЦИЯНЫН АБАЛЫ


Бириккен Улуттар Уюмунун аскерий эксперттери 27-ноябрдан бери Иракта массалык кыргын салчу куралдарды издешүүдө жана ишемби күнү түндүктөгү Мосул шаарында БУУнун инспекциясынын базасы ачылды. Бу тушта Кошмо Штаттар регионго 65 миң чукул аскерин жайгаштырды. Жакын арада аларга дагы 25 миңдей аскер кошулат. Анын 20 миңден көбү Британиядан болот.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) аскерий инспекциясы ишемби күнү Багдаддан 375 чакырым түндүктөгү Мосул шаарында жаңы базасын ачты. База БУУ тыйуу салган каруу-жарактарды издөө иштерин Ирактын түндүк аймактарында ылдамдатууга шарт түзөт. Беш жумадан берки инпекциянын натыйжасы али беймаалым.

Каруу-жарак инспекциясынын жетекчиси Ханс Блик 27-январда Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинде текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча доклад жасайт. Ага дейре Иракта массалык жок кылуучу курал жарагы бар же жок деп айтууга эрте.

Ирактын Мониторинг боюнча улуттук башкармалыгынын төрагасы, генерал Хоссам Мохаммад Амин бейшемби күнү 230-дан көп шектүү жай текшерилсе да, Багдаддын тыйуу салынган иштерди жүргүзгөнүн тастыктаган далилдер табылбаганын билдирген. “Күн өткөн сайын инспекторлордун саны көбөйүүдө жана алардын аракети Ирактын өз куралдары жөнүндөгү декларациясы ишенимдүү экенин, ал эми Американын айыптоолору менен билдирүүлөрү негизсиз экенин далилдейт”,- деген генерал Амин.

Вашингтон Жаңы Жылдан кийинки аскерий даярдыктын жүрүшүндө регионго дагы 11 000 аскер жөнөтүүнү буйруган. Британиялык гезиттердин жазышынча, Британ өкмөтү келерки аптада Перс булуңуна 20 миңден ашык аскер жөнөтөт.

Алар Пентагон регионго буга чейин жайгаштырып койгон 65 миңге жакын аскерге кошулат.

“Непада Ирактын массалык кыргын салчу куралдарын жок кылууга же Улуттар Уюмунун эркин аткаруу үчүн аскер зарыл болсо, эгерде өлкөнүн коопсуздугун камсыздоого жана тынчтыкты сактоого куралдуу күч керек болсо, Америка этияттык менен чечкиндүү аракеттенет жана Америка жеңишке жетет. Анткени, биздин армия дүйнөдөгү эң мыкты армия”, - деди АКШ президенти Жорж Буш жума күнү Техас штатынын Худ Фортунда америкалык аскерлер менен болгон кездешүүсүндө. Буштун сөзү боюнча, Иракка каршы согуш басып алуучулук эмес, боштондук согушу болот.

Ишемби күнү Ирактын түштүгүндөгү коопсуздук мейкиндигин күзөткөн АКШлык-Британиялык самолеттор Багдаддан 270 чакырымдай алыстагы Ирак аскерлеринин үч коммуникация борборуна сокку урушту. АКШлык күчтөрдүн Флоридадагы командалык борборунун билдиришинче, сокку Ирактыктардын чабуулуна жооп иретинде урулган. Ушул эле күнү союздаштардын самолеттору Ирактын түштүгүнө Саддам Хуссейнди сындаган радиоберүүлөрдү угууга чакырган 250 миңдей баракча ташташкан.

Ирактын тышкы иштер министри Нажи Сабри ишемби күнү БУУнун генералдык катчысы Кофи Аннанга кат жолдоп, Вашингтонду эл аралык мыйзамдарды бузуп, куугун-сүргүндөгү саткын ирактыктарды Саддамдан соңку Ирак администрациясында иштөөгө үйрөтүүдө деп күнөөлөдү.

Ирак согушун болтурбоонун жолун издеген Түркиянын өкмөт башчысы Абдулла Гүл ишемби күнү Сирияга келип, президент Башар Ал-Ассад менен кездешти. “Биз колубуздан келгенин жасайбыз. Бу деген “Биз согушту каалабайбыз” деп, согуш башталышын күтүп жатканды билдирбейт. Маселе тынчтык жолу менен жөндөлөрүнө биз дале ишенебиз”,-деп билдирди А. Гүл Дамаск шаарындагы сүйлөшүүдөн кийин.

Өткөн жылкы кайра шайлоону согушка каршы ураан астында жеңип алган Германиянын канцлери Герхард Шрөдер, “Der Spiegel” жумалыгынын акыркы санына чыккан интервьюсунда, Германия эч кандай аскерий операцияга катышпасын кайра кайталайт. Бирок, ал “БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги добуш берүүдө Германия Иракка каршы согушту колдойбу?” деген суроону жоопсуз калтырган.
XS
SM
MD
LG