Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:10

ИНДИЯ ӨЗҮНҮН ЯДРОЛУК КҮЧТӨРҮН БАШКАРУУ ЖАНА КОНТРОЛДОО СИСТЕМАСЫН ТҮЗДҮ.


Ишемби күнү Индия өкмөтү өзүнүн ядролук күчтөрүн башкаруу жана контролдоо системасын түздү. Талдоочулардын айтышынча, жаңы структура Индияга капилеттен ядролук, химиялык же биологиялык чабуул жасалса, ага саалгытпай жооп кайтарууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле, Борбор Азияга чектеш региондогу жагдай бир кыйла жымсалданып калганы менен, Индия жана Пакистандын ортосунда ядролук согуш чыгып кетиши ажеп эмес экенин күбөлөйт.

Индиянын министрлер кабинети ишемби күнү куптанга маал бүткөн кеңешмесинде өлкөнүн ядролук күчтөрүн жетектөө жана аларды контролдоо системасын түзүү жөнүндө токтом кабыл алды. Токтомго ылайык, ядролук күчтөрдү өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы жетектеп, баш командачынын ишин премьер-министр Атал Бихаи Важпаи башында турган саясый кеңеш контролдойт.

Өкмөт, ошондой эле, Индия биринчи болуп ядролук куралын колдонбосун деп чечти.

Талдоочулардын айтымында, жаңы аскерий структура кокус Пакистан же башка бир өлкө Индияга ядролук, химиялык же биологиялык сокку урса, ага ылдам жооп берүүгө мүмкүндүк түзөт. Ал үчүн, өкмөттүн чечимине жараша, Индиянын коопсуздугун камсыздаганга жетерлик ядролук күчтөр ар убак даярдыкта турат.

Аскерий талдоочу Брахма Челанейдин Индиянын “Aaj Tak” сыналгысына берген интервьюда айтышынча, Индия өкмөтүнүн бул кадамы Пакистандын чакырыгына жооп болду.

30-декабрда Пакистандын президенти, генерал Первез Мушарраф ардагер жоокерлер менен болгон кездешүүдө, Кашмир кризисинин тушунда Индияга каршы ядролук куралды колдонмок болгонун мойнуна алган.

Мушаррафатын сөзүнө караганда, эгерде Индиялык аскерлер жайкы тирешүү маалында Пакистандын чек арасын бузуп өтсө эле, коргонуу үчүн кадимки каруу-жарактан башка дагы аскерий техникалар колдонулмак.

10 айга жакын созулган кризис катуу курчуган учурда эки өлкөнүн чек арасында 1 миллионго жакын аскер жайгаштырылган жана арачы өлкөлөрдүн кысымы астында гана Индия менен Пакистан өз аскерлерин чек арадан ичкери тартып, эрөөл токтотулган.

Индия өкмөтүнүн соңку кадамы - өлкөнүн бүтүндөй дүйнөнү камтамага салган ядролук коркунучка кайтарган жообу болду,- дейт Жаңы Дели шаарындагы Конфликттерди башкаруу институнунун талдоочусу Ajai Sahni. Ядролук куралдарга байланыштуу түзүлгөн коркунучтуу кырдаал Пакистанды коюңуз, Түндүк Кореяда да же ары же бери болбой, ара-чоро абалда турган кезде Жаңы Делинин өз позициясын ачык жарыялоосу өтө маанилүү. Индия муну менен Пакистанга окшоп чек араны “жарганаттай түн жамына бузган” кылмыш топторун колдобосун ачык шардана кылды деген пикирде аналитик.

Индия буга дейре Пакистан бийликтерин Түндүк Кореянын ядролук программасына жардам көрсөтүүдө деп айыптап, Пакистанда жасалган бомбалар непада террорчулардын колуна тийсе, алаамат окуялар башталат деген тынчсызданууну бир нече жолу билдирген.

А. Шанинин сөзүнчө, Индиянын министрлер кабинети кабыл алган чечим кийинки өкмөттөр үчүн да ядролук доктрина катары кызмат кылат. Бул чечим ушунусу менен баалуу.

Эл аралык стратегиялык изилдөөлөр институту 2001-жылкы жарыялаган доклад боюнча, Индиянын ядролук инфраструктурасы жана финансылык кубаты Пакистанга салыштырмалуу бир кыйла жогору. Алсак, 1999-жылдын аягында Индияда 65 даана ядролук ракетасы болсо, Пакистанда андай ракетадан 39 даана болгон.

Мындай артыкчылыгына карабай, Индиянын саясый жана аскерий абалы Пакистанга салыштырмалуу оор жана татаал. Себеби, Индияны бир жагынан 1961-жылкы согушта “талаштуу” жерлерди басып алган Бээжиндин стратегиялык программасын модернизациялоосу ойдолоктотсо, экинчи жактан Кашмир провинциясын бөлүп кетүүнү көздөгөн күчтөрдү саясый жактан колдогон Пакистандын жарыша куралдануусу чочулатат.

Талдоочулардын айтымында, адегенде Пакистандын президенти, анын артынан Индиянын жетекчилиги өздөрүнүн ядролук мүмкүнчүлүгү боюнча жасаган билдирүүлөр, ушу тапта Түштүк Азияда согуш чыгып кетүү коркунучу жок болсо да, региондогу кырдаал курчуса, ядролук куралдар пайдаланылбайт деп айтып болбой турганын ырастайт.

Анткени, Индия биринчи болуп ядролук куралды колдонбосун жарыя кылганы менен, Пакистан мындай убадасын бере элек.

XS
SM
MD
LG