Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:33

Нарында АКШнын Улуттук демократиялык институтунун ресурстук борбору ишке киришти.


Дамир Калыков

НАРЫН. Нарын областында АКШнын Улуттук демокартиялык институтунун ресурстук борбору ачылып, ишке киришти. 6-январда аталган борбордон алынган маалымат боюнча, анын кызматтарынан бардык кызыккан тараптар жана жеке адамдар пайдаланышып, Кыргызстанда жана дүйнө жүзүндө жүргүзүлүп жаткан демократиялык жараяндан кабардар болушуп, ошондой эле адам укуктарынын сакталышына байланышкан маселелер тууралуу кеңештерди ала алышат. Ресурстук борбор бардык керектүү жабдуулар менен жабдылган жана бардык кызматтар акысыз көрсөтүлөт. Учурда Нарын областында «Сорос-Кыргызстан», Улуу Британиянын «Балдарды коргойлу» фонддорунун ресурстук борборлору да иш алып барышууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG