Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:05

Электр тармактары техникалык жана коммерциялык көп чыгымдарга жол берүүдө.


БИШКЕК. Электр энергиясына тарифтер 2003-жылы кымбаттабайт жана аны ушул калыбында сактап калуу үчүн кыргыз өкмөтү коммерциялык жана техникалык чыгымдардын көлөмүн кыскартууга негизги көңүлдү бурат. Бул тууралуу Кыргызстандын өкмөтүнүн алдындагы энергетика боюнча агенттиктин директору Уларбек Матеев «Азаттыкка» берген интервьюсунда маалымдады. Анын айтымында, электр тармактарында башкаруу иштери жетиштүү уюштурулбай жатат. Маселен, электр тармактар ишканаларынын ичинен азыр «Жалалабадэлектро» ишканасындагы техникалык жана коммерциялык жоготуулар 21 пайызды, «Ошэлектро» ишканасыныкы 34 жана «Северэлектронуку» 40 пайызды түзөт.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG