Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:40

Аксы окуясында жабыркагандар жаңы кайрылууларды кабыл алып, мурдагыларын ачыкка чыгарышты.


Бурулкан Сарыгулова, Айданбек Акмат уулу

БИШКЕК. Өткөн жылдын 17-18-мартында Аксы окуясында окко учкандардын жана жарат алгандардын ата-энелери Кыргызстандын калкына жана Президентине кайрылуу менен чыгышты. Анда элди атууга буйрук бергендер жана аткандар өз жазасын албай калганына нааразылык билдирилип, кат ээлери 2003-жылдын 17-мартына чейин Аксы окуясынын чыгышына саясий күнөөкөр деп эсептеген А. Карыпкуловду, Т. Акматалиевди, Б. Жанузаковду, Ч.Абышкаевди, К. Садиевди, М. Ашыркуловду жана тергөөнүн ишин жаап –жашырган үчүн К. Иманкуловду кызматтан кетирүү, Аксы окуясында курман болгондордун өлүмү боюнча кылмыш ишин козгоо, ал боюнча сотту Кербенде өткөрүү талабы айтылган. «Эгерде биздин талаптар 17-мартка чейин аткарылбаса, президентти кызматтан кетүүсүн талап кылабыз жана ал талабыбыз аткарылганга чейин «Акүй» алдында балдарыбызды жоктоп жумасына кошок кошобуз», - деп жазышкан ата-энелер. Бул тууралуу дүйшөмбүдө Азимбек Бекназаровду коргоо комитетинен кабарлашты.
Мындан тышкары, Аксы окуясында окко учкандардын туугандары жана ошол окуяда ок тийип, таяк жеп жаракат алгандар Жогорку Кеңештин эки палатасынын төрагаларына, Башкы Прокурорго, Аскердик Соттун төрагасына арыз менен кайрылды. Анда Аксы окуясын тергөөдө Кыргызстандын Кылмыш-Жаза кодексинин бир катар беренелери одоно түрдө бузулуп, жабырлануучулардын кылмыш иши менен таанышууга эч кандай мүмкүнчүлүк берилбегени айтылган. Арыз ээлери кылмыш иши менен толук тааныштырууну, сотту Аксы районунда өткөрүүнү, аскердик соттун Майлуу-Суу шаарында чыгарган өкүмүн жокко чыгарып, аны кайра тергөөгө жиберүүнү, жабырланган 15 адамдын ичинен 12син соттук тергөөгө катыштырбагандыгы, эл тарабынан жүздөн ашуун күбөнүн бирөөсүн да сурабастан өкүм чыгаргандыгы үчүн судья Бакыт Арабаевди жоопкерчиликке тартууну, «ок аткан милиция кызматкерлерин көрсөм тааныймын» дегендерге таанытуу жүргүзүүнү өтүнүшкөн. 6-январда жиберилген арызга 17 жабырлануучу кол койгон.
Ал эми Аксы окуясында жабырлануучуларды жана депутат Бекназаровду коргоо комитети 4-декабрда өткөн биргелешкен жыйынында расмий бийликке койгон талаптарын 6-январда жарыя кылды. Жыйында комитет президент Аскар Акаевдин наамына тогуз талап жолдогон. Башкача айтканда, Аксы окуясында ок аткандар 1-январга чейин жазаланышын, Аксы окуясына жол бергендиги үчүн республикалык деңгээлдеги мамлекеттик кызматкерлер ээлеген кызматтарынан бошотулуп, жоопко тартылышын, депутат Бекназаров камалгандан кийинки нааразылыктардын учурунда иш козголгон жарандардын иштери кыскартылышын, 12-сентябрда Каракөлдө өткөн сүйлөшүүлөрдүн учурунда бийлик өкүлдөрү тарабынан убада кылынган компенсация жүрүштүн катышуучуларына толук төлөнүп берилишин, убада кылынган социалдык маселелердин чечилишин, жер берилишин, комитеттин төрагасы Жаныш Курбановдун Аксы район акиминин орун басарлык кызматына тартылышын талап кылышып, булар чечилбесе күрөш мындан ары улана берерин белгилешкен. Комитет мүчөсү Кубанычбек Маткеримовдун 6-январда «Азаттыкка» билдиргенине караганда, аталган жыйын Ош шаарында өтүп, ага ЕККУнун өкүлү жана биринчи вице- премьер министр Курманбек Осмонов катышкан. Жыйында комитет аталган талаптардын аткарылышын январь айынын башына чейин күтөөрүн белгилешкен.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG