Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:54

Кыргыз-тажик чек арасындагы маселелер өкмөттүк деңгээлде карала турган болду.


Айданбек Акмат уулу, Кубат Оторбаев

БИШКЕК. Баткен областындагы кыргыз-тажик чек ара маселелерин жөнгө салуу аракети өкмөттүк жана жергиликтүү бийлик деңгээинде жүргүзүлүүдө, деп билдирди 6-январда Тышкы иштер министрлигинин КМШ боюнча башкармалыгынын башчысы Эркин Мамкулов. Анын айтымында, маселени жеринде иликтөө максатында кыргыз өкмөтүнүн вице-премьер-министр даражасындагы өкүлү Базарбай Мамбетов башында турган топ жакынкы күндөрдө Баткен областына бармакчы. Тажик тараптан да тийиштүү өкүлдүн келиши макулдашылууда. Өткөн жумада Баткен областындагы кыргыз-тажик чек арасындагы эки мамлекеттин чекара жана бажы бекеттерин чектеш айылдардын тургундары бузуп, талкалашкан эле.
Ал эми Баткен областынын губернатору Мамат Айбалаевден 6-январда алынган маалыматка караганда, тажик тарап өздөрүнө тиешелүү Жекөрүк (Жакөрүк) жана Сурк чек ара бекеттерин 5-январь күнү алып салды. Ага жооп иретинде Кыргызстан тарап да Ворух анклавынын оозундагы Актерек жана Ворух-Исфара жолундагы Көктерек бекеттерин алып салды. «Эки күнгө созулган сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында алар да макул болуп, биз да макул болуп, чек ара бекеттерин таптаза кылып алып салдык. Эми 150 миңден ашуун адам – Лейлек районундагы, Сүлүктү шаарындагы жана Баткен районунун Самаркандек, Актатыр, Аксай айыл өкмөттөрүндө жашаган элибиз эч кандай тоскоолдуксуз ары-бери эркин каттап калышты», - деди Мамат Айбалаев.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG