Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:36

Дүйнөдө клондоштурулган экинчи ымыркай көз жарганы жарыяланууда.


Дүйнөдө клондоштурулган экинчи ымыркай көз жарды. Бул тууралуу «Клонэйд» илимий фирмасынын башчысы Брижитт Буасселье айым билдирди. Анын айтымында, клондоштуруу жолу менен төрөлгөн экинчи баланын энеси - Голландиянын жараны. Бирок, «Клонэйддин» башчысы ымыркай кайсы өлкөдө жарыкка келгенин ачыктаган жок. «Клонэйд» фирмасы өткөн жылдын декабрь айынын соңунда дүйнөдө клондоштуруу жолу менен алгачкы Ева аттуу ымыркай кыз төрөлгөнүн жарыялаган. Бирок, эмдигиче баланын «ДНК» анализинин жыйынтыктарын же башка далилдерди бербегенине байланыштуу адистер арасында жана эл аралык коомчулукта жогорудагы маалыматтарга карата шектенүү пайда болууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG