Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:09

Иранда жол кырсыгынан 15 адам мерт болду.


Курман болгондордун үчөөсү өлкөдөгү диний жогорку окуу жайлардын биринин мугалимдери, он экиси студенттери эле. Мамлекеттик радионун билдиргенине караганда, студенттерди салып келе жаткан автобус өткөн түнү, Ирандын түштүгүндөгү Бендар Аббасс шаарынан алтымыш чакырым алыстыкта жолдон чыгып, капчыгайга кулап кеткен. Кырсыкка айдоочунун тайгак жолдо автобусту башкара албай калганы себеп болгон. Ирандын автожолдору, дүйнөдөгү эң коркунучтуу жана татаал жолдордун катарына кирет. Өлкөдө жылына 200 миңдей жол кырсыгы катталып, 20 миңдей адам мерт болот, 87 миңдей киши жаракат алат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG