Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:53

Орусиянын аскерий прокуратурасы жоокерлердин дезертирдик фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду.


Буга өлкөнүн Ленинград областынын Мги кыштагында жайгашкан темир жол аскерлеринин бөлүгүндө орун алган окуя себеп болду. Ишемби күнү аскер бөлүгүнөн өз алдынча кетип калган 24 жоокер жардам сурап Санкт-Петербург шаарындагы «Жоокер энелери» уюмуна кайрылган. Алар бөлүктөн офицерлер көргөзгөн кордукка чыдабай качып чыкканын маалымдашкан эле. Прокуратура өкүлү «ИТАР–ТАСС» агенттигине окуя калыс тергелээрин билдирди. Дезертирлик орус армиясында көп кездешет. Өткөн айда да Москвадагы аскер бөлүктөрүнүн биринен мас болгон офицерлер сабаганына байланыштуу 16 жоокер качып чыккан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG