Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:44

Литвада президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өтүүдө.


Мамлекет башчысынын кызматы үчүн өлкөнүн азыркы президенти Валдас Адамкус жана мурдагы премьер-министр Роландас Паксас атаандашып жатышат. Добуш берүүнүн биринчи айлампасында В. Адамкусту шайлоочулардын 35 %, Паксасты 19 % колдогон. Вильнюстан түшкөн кабарларга караганда, добуш берүүгө калк аз келүүдө, мунун бир себебин байкоочулар күндүн сууктугуна байланыштырууда. Литва Конституциясына ылайык, шайлоонун экинчи айлампасында шайлоочулардын жөнөкөй көпчүлүк добушуна ээ болгон талапкер жеңишке жете алат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG