Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:16

МЕДИЦИНАНЫН ӨНҮГҮШҮНӨ КОМПЬЮТЕР САЛЫМ КОШУУДА.


Компьютердик технологиянын өнүгүшү - медицинада адамдын денесиндеги кымындай бир клетканы, же хромосоманы изилдөө аркылуу айрым бир айыккыс дарттардын дабасын издөөгө жол ачууда. Жакында ар башка өлкөлөрдөн чогулган илимпоздор тобу кишинин денесиндеги 14-хромосоманын түзүлүшүн аныктап, ал аркылуу айрым бир сейрек кездешчү оорулардын ачкычын табышты. Ошондой эле голландиялык окумуштуулар клетканын генетикалык көрсөткүчтөрү аркылуу аялдардын көкүрөк шишиги кайсы учурларда ракка айланаарын изилдеп чыгышты.

Адамдын денесиндеги ар бир кымындай чекит, же көзгө көрүнбөгөн клетка жалпы саламаттык үчүн маанилүү роль ойноорун окумуштуулар эбак аныкташкан эмеспи. Компьютердик технология мүнөт сайын өнүгүп бараткан азыркы заманда медиктер дал ушул клеткалардын курамын изилдеп, «алар кайсы органга кандай таасир этиши мүмкүн, ар бир клеткага катылган ондогон-жүздөгөн генетикалык көрсөткүч-маалыматтарды, же геномдорду кандай ооруларды алдын алып, айыктырууда пайдаланса болот?» - деген суроолордун үстүндө баш катырууда. Анысы кандай, жакында ар башка өлкөлөрдөн чогулган илимпоздор тобу кишинин денесиндеги, медиктердин эсеби боюнча, 14-хромосоманын түзүлүшүн аныктап чыгышты. «Жаратылыш» ("Nature") аттуу Интернет-журналда жарыяланган ал аныктамага караганда, 14-хромосома 60тан ашуун генден куралып, алардын арасында иммундук системага зор таасир этчү эки геном бар экен. Андан сырткары ушул 14-хромосоманы изилдөө аркылуу, дарыгерлер, эмне үчүн айрым адамдар акыл-эстен адаштырган Альцгеймер дарты өңдүү чанда кездешчү сыркоолорго чалдыгаарын аныктоо мүмкүн деп жатышат. Медицина минтип отурса, далай оорулардын ачкычын таап, аларды айыктыруунун оңой жолуна чыгаары ажеп эмес. Анткени адамдын денесиндеги 24 хромосомада 3 миллиарддан ашуун генетикалык код, же геном бар. Ушуну менен окумуштуулар бардыгы 4 хромосанын түзүлүшүн изилдеп чыгышты. Алар кайсыл геном кандай оору-сыркоо үчүн жооп берээрин аныктаганы менен, азырынча андай дарттарды эң башатында, молекулярдык деңгээлде жок кылуунун жолун табыша элек.

Ошентсе да, оор, өлүмгө алып келүүчү оорулардын башатын, генетикалык себептерин изилдөөдөгү ачылыштар, акыры андай дарттарга чалдыккандарды дарылоонун туура жолуна чыгараары шексиз. Мисалы, голландиялык илимпоздор ушул аптада «Жаңы Англия» ("New England") журналында жарыялаган макалада көп жылдардан берки изилдөөнүн натыйжасында аялдардын көкүрөк шишигинин кайсыл учурларда ракка айланаарын аныктоого жакындап калышканын жазышат. Бул да болсо, ошол көкүрөктөгү шишиктин генетикалык кодун изилдөө аркылуу табылган ачылыш экен. Амстердамдагы Рак оорусун изилдөө институтунун дарыгерлери 11 жыл бою көкүрөк шишиги диагнозу бар аялдардын оорусун изилдеп отуруп, шишиктин 70тей геномдон турган генетикалык кодун «жакшы» жана «жаман» деп эки түргө бөлүшкөн. Алардын тажрыйбасы көргөзгөндөй, шишиги «жаман» түргө кирген аялдар 10 жыл ичинде өлүмгө туш болсо, «жакшы» бөлүккө учурагандар 10-20 жылдан кийин барып, рак оорусунан көз жумушкан. «Андан тышкары, буга чейин догдурлар аялдардын көкүрөк шишигинин, көлөмүнө жараша, кичинекейинен чоңу коркунучтуу деп жүргөнү катачылык болгон», - деп жазышат голландиялык окумуштуулар. Алар шишиктин генетикалык түзүлүшүн терең изилдеп чыккан соң, кайсыл учурда аялдардын көкүрөк шишигин дарылоодо химиотерапия өңдүү саламаттыкка оор залал келтирчү, медиктердин тили менен айтканда, каардуу терапия колдонуу зарыл, ал эми кайсыл учурларда кажетсиз экенин бир беткей айтуу мүмкүн дешет. Алардын көп жагынан теориялык ачылыштары дагы узакка созулчу практикалык тажрыйба менен бекемделиши керек. Ошентсе да, европалык окумуштуулар Голландиядагы ачылыштарды жаңыдан түйүлгөн аялдардын көкүрөк шишиги кийин кандай өнүгөөрүн алдын-ала аныктоодогу чоң жетишкендик катары кабыл алышууда. Компьютердик технология арышын дагы кеңейтсе, адамдын денесиндеги миллиарддаган геномдор аркылуу медиктер да көп оорулардын ачкычын табышат го. Бирок, ашыкпай туралы, анткени компьютер дегениң менен, молекулярдык генетика «ийне менен кудук казгандан» да оор иш экени да талашсыз.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     
XS
SM
MD
LG