Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:51

Ж. БУШТУН ТҮНДҮК КОРЕЯ САЯСАТЫ.


Кошмо Штаттар Ирак менен согушка даярдык көрүүсүн улантып, Перс булуңуна аскер жиберүүдө. Бирок Түндүк Кореянын ядролук программасы пайда кылган жаңжалды жөнгө салуу үчүн, америкалык президент дипломаттардын арага салуу менен чектелүүдө. Эмне себептен окшош кырдаалда Жорж Буш эки башка ыкма менен аракеттенип жатат? Бул - бүгүн көпчүлүктүн көңүлүндө турган суроо.

Архиепископ Десмонд Туту өз мекени Түштүк Африкада апартеидге каршы ишмердүүлүгү үчүн, 1984-жылы Нобелдин Тынчтык сыйлыгын алган. Ушул жекшембиде ал Ирак кризисинде Кошмо Штаттарды өзүн өзү билген, текебер супердержава деп сынга алды. «Ирак эч кандай ядролук, химиялык же биологиялык куралы жок экендигин айтууда, ал эми Индия менен Пакистандын ядролук куралы бар экени бардыгына маалым. Анда эмне үчүн Ирак гана бутага алынып жатат?» деп суроо салды Туту, Британиялык сыналгыга берген интервьюсунда.

Ушул эле өңүттөгү таңдануу, Түндүк Кореяга байланыштуу да айтылууда. Түндүк Корея ушул күздө ядролук программасы бар экендигин моюнга алган. Ал эми Иракта Бириккен Улуттар Уюмунун курал адистери беш аптадан бери эч кандай мындай куралдын изине түшө алышкан жок. Ошого карабастан, бүгүн Кошмо Штаттар Иракка каршы согушка даярдыгын улантып, ал эми Түндүк Кореянын ядролук программасын токтотуу үчүн, дипломатиялык чаралар менен чектелүүдө. Мындай сын-пикирге жооп берип жатып, өткөн аптада АКШнын президенти «түрдүү кырдаалда түрдүү стратегияны колдонушубуз керек» деп бүдөмүктөтүп жооп берди. Ал эми бейшембиде Техастагы ранчосунда, «…биз аймактагы досторубуз жана союздаштарыбыз менен алакалашып, Түндүк Кореяга массалык кыргын салуучу куралдарды жасоо жана таркатуу, анын кызыкчылыгында эмес экендигин түшүндүргөнгө аракет кылуудабыз», - деди Жорж Буш.

Айрым аналитиктердин болжолунда, Ирактан айырмаланып, Түндүк Кореянын мунайы жок болгондуктан, Кошмо Штаттар бул алыскы азиялык өлкөнү анчалык назарына албай жатат. Ал эми «Нью-Йорк Таймстын» серепчиси Пол Кругмандын жазышынча, Кошмо Штаттар Түндүк Кореяга каршы согуш ачканга даяр эмес, анткени куралдуу күчтөрү алсызданган Ирактан айырмаланып, Түндүк Кореянын согуштук даремети күчтүү. Америкалык бийликтердин эсебинде, 1 млн. аскерлүү Түндүк Кореянын, аз эле дегенде, эки ядролук бомбасы бар.

Пхеняндын ырастоосунда, Түндүк Кореянын ядролук программасы, бир гана, өлкөнү сырткы агрессиядан коргоо максатын көздөйт, ошондуктан, учурдагы кризисти жөнгө салуу үчүн, Кошмо Штаттар Пхенян өкмөтү менен бир-бирине кол салбоо жөнүндөгү келишимге кол койсо жетиштүү болмок. Бирок, Жорж Буш дипломаттарын Түндүк Кореяга эмес, ага басым көрсөтө ала турган Кытайга жана башка өлкөлөргө жиберүүдө. Пхеняндын Кытайдагы элчиси Чо Ким-су Бейжинде жума күнү өткөн пресс-конференцияда АКШнын саясатын сынга алды. «Жаңы кылымда элдешүүчүлүк жана тынчтыкка умтулуу күчөдү. Бир гана Кошмо Штаттар, Кансыз Согуштун ой-жүгүртүүсүнөн арыла албай, бизди ядролук куралы менен коркутуп жатат», - деди элчи.

АКШнын Пхенян менен сүйлөшпөстөн, ага башка өлкөлөр аркылуу кысым көрсөтүү стратегиясын Вашингтондун аймактагы союздашы Түштүк Корея да туура көргөн жок. Өлкөнүн жаңы шайланган, бирок кызматына расмий кирише элек президенти Ро Му Хюн эки тарапты тең мунасага келүүгө чакырды.

АКШнын мурдагы президенти Билл Клинтон Пхенянды алдап-соолап эпке келтирген эле. Түндүк Корея ядролук программасынан баш тартып, анын акысына Кошмо Штаттар ядролук-электр станциясын куруп берүүгө, ошондой эле мунай менен жабдып турууга убада кылган.

Жорж Буш 2001-жылдын январында бийликке келээри менен, Түндүк Корея менен иштешүүдөн баш тартты. Кошмо Штаттар ядролук электр бекетин курууга жардамдашуу убадасынын да өтөөсүнө чыккан жок. Ал эми өткөн октябрда Түндүк Корея ядролук программасын кайра жандандырып жаткандыгын жарыялаганда, бул өлкөгө мунай жиберүүнү да токтотту.
XS
SM
MD
LG