Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:05

Америкалык окумуштуулар Жеңишбек Назаралиевди «Жылдын мыктысы» деп аташты


БИШКЕК. Америкалык Биографиялык Институттун Изилдөө боюнча эл аралык кеңеши медицина илимдеринин кыргызстандык доктору Жеңишбек Назаралиевди «2002-жылдын адамы» деп жарыялады жана медицина илимине, адамзаттын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн «Чыгаан лидер» деген медаль ыйгарды. Ушуга байланыштуу дароо Жеңишбек Назаралиев жөнүндөгү маалымат эл аралык лидерлердин сурамжылоо китепчесине киргизилди. Бул тууралуу кабарды «АКИ-пресс» маалымат агенттиги 7-январда таратты. Ж. Назаралиев - тутумуна дүйнөлүк чыгаан лидерлер кирген «Наркотиксиз аңсезим» аттуу Дүйнөлүк лиганын негиздөөчүсү. Ал социалисттик өлкөлөрдүн аймагында биринчи жолу 1989-жылы алкоголь ичимдиктерине жана баңги заттарга берилген адамдарды дарылоочу менчик клиника ачкан. Анда буга чейин 15 миң адам дарыланган.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG