Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:53

Макулдашуу комиссиясы Аксы окуясы боюнча тегерек стол жыйынын өткөрүүнү сунуштоодо


БИШКЕК. Аксы районундагы бийлик менен элдин ортосунда диалог жүргүзүү максатында эл өкүлдөрүнөн түзүлгөн макулдашуу комиссиясы өткөн жылдын 17-18 мартындагы Аксыдагы окуялар боюнча соттун жыйынтыгын талкуулаган тегерек стол өткөрүү сунушу менен чыкты. Комиссиянын 8 мүчөсүнүн пикиринде, ал тегерек столду Аксы райондук мамлекеттик администрациясы чакырып, ага Президенттик Администрациянын, Өкмөттүн, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү жана парламент мүчөлөрү катышууга тийиш. Тегерек столду чакыруунун максаты - Аксы окуясы боюнча сот өкүмүнөн кийин эл ичинде кескин окуялардын болуп кетишине жол бербөө, деп эсептейт комиссия мүчөлөрү. Аталган комиссиянын төрагасы - Жаныш Курбанов. Ал депутат Азимбек Бекназаровду коргоо комитетин да жетектеп келген. Бул тууралуу шейшембиде Кербенден, аталган комиссиядан кабарлашты.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG