Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:48

Кыргызстандык христиандар Иса пайгамбардын туулган күнүн майрамдашты


БИШКЕК. 7-январда кыргызстандык христиандар Иса пайгамбардын туулган күнүн майрамдашты. Буга байланыштуу христиандардын Бишкектеги башкы чиркөөсүндө жана жер-жерлердеги сыйынуу жайларында сыйынуу каадалары өттү. Учурда өлкө аймагында 43 православдык храм христиандарга кызмат кылат. Болжолдуу маалыматтарга караганда, христиан динин туткандардын саны бир миллионго жакын. Мындан тышкары, эгемендүүлүктүн келиши менен христиан дининин православ, католик багыттарынан чыккан агымдар да өлкөдө ишмердүүлүгүн ачык жүргүзө баштаган. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын маалыматына караганда, азыр жалпысынан 260 конфессия расмий каттоодо турат. Алардын катарында кыргыз улутундагы топтор да бар. «Немец толкуну» электрондук маалымат каражаты, ар кандай диний агымдардын аша чапкан ишмердигин тизгиндөө максатында кыргыз өкмөтү ушул жылы диний уюмдарга мониторинг жүргүзүүгө камынып жатканын билдирген эле. Бирок, дин комиссиясынын төрагасы Өмүрзак Мамаюсупов мындай маалыматты төгүнгө чыгарып, диний уюмдарга карата чукул чараларды көрүү демократиянын принциптерине кайчы келээрин билдирди.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG