Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:34

Иракта эл аралык инспекция тик учмаларды колдонуу менен улантылууда


Иракта массалык кыргын салуучу куралдарды издеп жүргөн Бириккен Улуттардын адистери бүгүн тикучмаларды колдоно башташты.
Кечээ Бириккен Улуттар Уюмунун ядролук көзөмөл агенттигинин жетекчиси Мохамед эл-Барадей Иракта шектүү куралдын изи табыла электигин билдирген эле.
«Каймана маанисинде айтканда, биз октолгон мылтыкты тапкан жокпуз. Ирак өзүнүн ядролук маселе боюнча билдирүүсүндө жалган маалымат бергенин да айта албайбыз. Бирок, инспекция эми башталды, кандай тыянакка келээрибизди айтуу али эрте», - деди эл-Барадей.

XS
SM
MD
LG