Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:38

ОРУСИЯ ИСА ПАЙГАМБАРДЫН ТУУЛГАН КҮНҮН МАЙРАМДАДЫ


Төрөкул Дооров, Москва 7-январда дүйнө жүзүндөгү бардык православ христиандары Иса пайгамбардын туулган күнүн белгилешүүдө. Христиан дининин православ багытын тутунган Орусия храмдарында, дегеле өлкөдө майрамга карата даярдыктар өзгөчө болду.

6- январда 7-сине караган түнү өлкөнүн дээрлик бардык храмдарында, ошондой эле башкалаа Москвадагы 400гө жакын православ храмдарында диний жөрөлгө башталды. Православ чиркөөлөрүнүн негизгиси катарында маалым болгон Христос Коргоочунун храмында Москвалык жана жалпы Русь Патриархы Алексий Экинчи диний жөрөлгөнү баштап, жалпы христиандарды диний да, маданий да майрамы менен, ошондой эле күнөөлөрдөн арылуунун, ак тилектердин майрамы менен куттуктады.

Өлкөнүн дин өкүлдөрүнө жана жарандарына майрамдык куттуктоосун жолдогон мамлекет башчысы Владимир Путин да майрам ар бир конушта жакшылыкка үндөгөн күчкө ээ экендигин, ошондой эле ал элдерди биримдикте кармап, түшүнүүчүлүк алып келээрин айтты.

Иса Пайгамбардын туулган күнүн чоң диний майрам катарында белгилөө кайсыл мезгилден тарта белгилене баштаганы, же пайгамбардын туулган жылы туурасындагы так маалыматтар жок. Айрым диний китептерде бул мезгил 4-кылымдагы Христиан чиркөөсүнүн Рим Империясын бийлей баштаган учуруна туура келет деп айтылса, дагы бирөөлөрүндө кийинчерээк баштала тургандыгы жазылган. Бирок, Орусия аймагында майрамды белгилөө, 10-кылымда өлкөдө христиан дининин кабыл алынышы менен башталганы маалым.

1100-жылдарда Рождество майрамы Европадагы негизги диний майрамга айланат. Ал эми 15-кылымда көптөгөн белгилүү сүрөтчүлөр Иса Пайгамбардын төрөлүшүн сүрөттөгөн картиналарды тарта башташат. Бирок кийинчерээк диний жаңылануулардан улам протестантизм бутагынын пайда болуу мезгилинде бул майрамдын баркы басаңдай түшөт. Анткени көптөгөн христиандар Рождествону диний жөрөлгөлөрдүн жоктугунан улам отпарастардын майрамы катарында тааный башташат.

Ал эми түрдүү христиан чиркөөлөрүндө майрамдын ар кайсы мезгилдерде белгилениши - алардын ар башка жыл эсептерин тутунгандыгы менен түшүндүрүлөт. Мисалы, Орусиядагы, Болгариядагы, Сербиядагы жана дагы бир катар православ чиркөөлөрү эски Григориан жылнаамасы боюнча 7-январда белгилешсе, жаңы Юлиан жыл эсебин карманышкан католиктер 25-декабрда өткөрүшөт. Эки жыл эсебинин ортосундагы айырма алгач 10 күн болгон, ал эми 20-чы кылымда ал 13 күнгө созулду. Орусияда болсо Григориан жылнаамасы 1918-жылы киргизилген. Бирок орус чиркөөсү дале болсо Юлиан жыл эсебин колдонуп келет.

Иса Пайгамбардын туулган күнүн белгилөө Орусияда чоң майрамдык даярдыктар менен коштолууда. Бул күн расмий түрдө дем алуу күнү катарында белгиленип, баш калаанын бир катар чоң майдандарында майрамдык атайын иш-чаралар өткөрүлөт. Ошондой эле быйыл өкмөт тарабынан бул күнү балдар үйлөрүнүн бир нече тарбиялануучуларына материалдык жардам көрсөтүлүп, аларга майрамдык белектерди тартуулоо иши каралган.

Шаар тургундарынын жүздөрүндө да бул күнү майрамдык маанай байкалып турду.

«Мен бардык адамдарга боорукердик каалап, дайыма асманыбыз ачык болсун демекчимин», - дейт биз менен майрамдык маанайынан бөлүшкөн Юлия аттуу кыз.

Акыркы мезгилдерде Орусиядагы жаштар арасында динге, дегеле аруулукка жана ыйык күчкө сыйынуу аракетинин күчөй баштаганы, дин өкүлдөрүнүн айтымында, адамдарда бири-бирине болгон муктаждыктын өсө баштаганы менен байланыштуу.

«Өткөн жылы өзгөчө байкалган руханий жанылануу, элибизде Иса Пайгамбар мурас катарында калтырган ыйык православ баалуулуктарына умтулуу пайда болгонунун күбөсү», – деди Москвалык жана жалпы Русь Патриархы Алексий Экинчи.
XS
SM
MD
LG