Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:37

БАТЫШ БАСМАЛАРЫ ОЛУТТУУ ЭЛ АРАЛЫК ОКУЯЛАР ЖӨНҮНДӨ


Шейшемби күнү жарык көргөн Батыш басылмалары Ирак президенти Саддам Хуссейндин режимин ыктыярдуу алмаштыруу өнөктүгүнө, Түндүк Корея менен АКШнын мамилесине, Израил жетекчилигинин Палестинага карата жүргүзгөн саясатчына жана Литвадагы президенттик шайлоонун күтүүсүз жыйынтыгына күндүн негизги темасы деп, чоң маани берет.

Жекшемби күнү Тель-Авивде болгон кош кабат чабуулда 22 адамдын өлүшү жана 100дөн ашык адамдын жарадар болушу Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга Батыш гезиттеринде болгон кызыгууну арттырды.

Израилдин премьер-министри Ариель Шарон 28-январдагы шайлоодо кайра шайланса, Палестинада тынчтык орнотууга жанымды үрөйм деп убада кылууда. Бирок, «International Herald Tribune» гезитинин аналитиги Генри Сигмандын жазышынча, “Шарон бийликте калса, абал ого бетер татаалдайт”. Анткени, “Шарондун акыркы эки жылда көздөгөнү Батыш Иорданда жөөт конуштарын жана алардын инфраструктурасын кеңейтүү жана Палестинаны саясый жана экономикалык жактан мамлекет катары калыптануусуна мүмкүндүк бербөө болду... Менин оюмча, палестиналыктар өздөрүн жеңилген эл катары алып жүрсө гана саясый процесс алга жылышы ыктымал”,- деп тыянак кылат Г. Сигман.

А. Шарон Палестиналык делегациясынын келерки аптада Лондондо өтчү Жакынкы Чыгыш жыйынына баруусуна тыйуу салып, Израил элдешүүнүн жана прогресстин бөгөтчүсү экенин тастыктады деген бүтүм чыгарат Британиянын "Guardian” гезити.

Түндүк Корея темасына “Вашингтон Пост” гезити Дэвид Игнатюстун макаласын арнаган. Автордун жазышынча, АКШ администрациясы азыр Пхеньян менен ымалага барсакпы же жөөлөшсөкпү деп, эки анжы болуп турган чак. “Кыргыек куштар” түз качырат. Кошмо Штаттар мунасага барып, Түндүк Кореянын сердымак аракетине май тамызбайт. Президент Жорж Буш былтыр сентябрда жарыялаган (ядролук каруу-жарактуу болууну көздөгөн “балакет үчилтикке” сокку уруу саясатын жактаган) улуттук коопсуздук стратегиясы Түндүк Кореяда сыналчудай болуп турат. Непада согуш болсо, Түндүк Корея ядролук куралын ишке киргизбейт деп эч ким кепил өтпөйт,- деген пикирде Д. Игнатюс.

"Wall Street Journal Europe" гезитинин Лондон басмасында Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Чыгыш жана Батыш Германияда 10 жыл иштеген АКШнын Борбордук чалгындоо кызматы - ЦРУнун офицери Жеймс Кричфильд мүмкүн болчу согуштан соңку Ирактагы кырдаалга сереп салат.

Карт чалгынчынын пикиринче, Багдадда бийлик алмашса да, Ирактагы улуттук азчылыктардын ишине кийлигишүүгө жол коюлбасын Ирактын Иран менен Түркия сыяктуу коңшулары азыртан ачык билиши шарт. Иракта Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки Батыш Германия сыяктуу борбордук өкмөткө баш ийген федерация түзүлгөнү жөндүү. Биринчи күндөн тартып, Ирактын жараны болуу башкы милдет, улуттук азчылыктын өкүлү болуу экинчи орунда экенин баскынчы күчтөр элге айкын көрсөтүшү абзел.

Иракта мүмкүн болчу согуш темасы Агнис Гориссен айымдын Белгиянын "Le Soir" гезитине чыккан макаласында да чагылдырылат. Непада уруш болсо, Пентагон 100 миң аскерди Иракка жөнөтүүгө даяр. Алар согуштан соңку коопсуздукту камсыздоо үчүн Иракта кеминде 18 айга калтырылат. Экономиканы калыбына келтирүү, башкаруу, мунай кендерин пайдалануу жана элди азык-түлүк менен камсыздоо иштери, балким, Улуттар Уюму дайындаган граждандык администрацияга жүктөлөт. Саддам Хуссейн согушту болтурбайм десе, өз ыктыяры менен Россия, Белорус, Мисир жана Ливия сыяктуу өлкөлөрдүн бирине чыгып кеткени жөн деп боолгойт А. Горрисен айым.

АКШдагы "Stratfor" изилдөө борборунун серебине караганда, Иракта согуш отун тутандырбоо аракетин кылып жаткан Франция, Германия, Түркия жана Иран, эгер Саддамды азыр Улуттар Уюмунун аскерий инспекциясы менен иштешип жаткан өкмөт мүчөлөрүнө бийликти өткөрүп берүүгө көндүрүшсө, Кошмо Штаттар үчүн Иракка каршы согуш ачуунун айласын табуу кыйын болмок. Бирок, Саддам бийликтен баш тарткандан көрө согушка барганды артык көрөт. Себеби, ал сүргүнгө кетсе, ага кол салынбайт же кылмышкер катары жазаланбайт деп эч ким кепилдик бере албайт деген жыйынтыкка келет "Stratfor" изилдөө борбору.
XS
SM
MD
LG