Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:47

АЗЕРБАЙЖАНДАГЫ ТООЛУК ЕВРЕЙЛЕРДИН ТАРЖЫМАЛЫ


Азербайжанда бир ууч тоолук еврейлер жашайт. Кавказдагы тоолук еврейлердин жамааттары акыркы үч кылым аралыгында жергиликтүү элдердин арасына сиңип же чачылып жер которуп кеткен шартта, Красная Слободалык еврейлердин жоголбой өзүн сактап калышынын сыры эмнеде?

Еврейлердин Красная Слобода шаарчасында жакында болуп кайткан француз журналисти Кристиан Луи таамай байкагандай, Кавказдык тоолук еврейлерди жүзүнө карай жергиликтүү мусулмандардан бөлүп таануу мүмкүн эмес. Азербайжандар көбүн эсе “Салоом алейкум” же “Салам” деп учурушса, тоолук еврейлер “Шалом” дешип, иврит тилинде амандашат.

Алар, бирок, персиялык жөөттөр сыңары иврит жана перс тилдерин аралашмасы болгон жухури диалектинде сүйлөшөт.

Азербайжанда жашаган тоолук еврейлер Палестинаны, “Инжил” китебинде көрсөтүлгөн биздин заманга чейинки 722-жылы, ибадатканалар оболу кыйратыла баштаганда таштай качышкан.

Бозгун эл Персияга келип отурукташып, перс тилин кабыл алышат. 15-кылымда тоолук еврейлер перстердин зобун-зордугуна чыдабай, Кавказга оошот. Перстердин дембе-дем талоосуна алынган элге боору ооруган Түндүк Азербайжандын билимдүү мусулман башкаруучусу 1730-жылы тоолук еврейлерди журт кылып алып, Красная Слободаны конуш кылып берет.

Ошентип, бир ууч еврейлер мусулмандардын чок ортосунда туруп калып, алиге жашоодо. Соңку үч кылымда Кавказдагы тоолук еврейлердин жамааттары чачырап же өлүп жок болушту, а Красная Слободанын еврейлери диний үрп-адаттарын тутуп, Саббах майрамына кыргыздын каламасына окшош матцос нанын жабышат.

Шийи мусулман коңшулары менен алар ырыс-ынтымакта. Жергиликтүү өкмөттүн башчысы Давид Абрамов айткандай, “дүйнөнүн картасынан бул сындуу Израилден сырт жакта жашаган еврейлердин жамаатын таппайсыз.”

Жергиликтүү синагогдун башчысы Борис Симандиев: “Большевиктер бийликке келгенден кийин Красная Слободадагы 13 синагог тең жабылган. Сталиндик репрессия жылдары коммунисттер диний ибадаттарды аткарууга тыйуу салганда, биз үйүбүздө жашынып таат-ибадат кылганбыз,-дейт.-Азерилер бул жөнүндө билишкен. Бирок, бийликтерге чагым ташыган эмес. Еврейлер менен мусулмандар экөө тең Ибраимдин балдары. Биз тууганбыз”,-дейт.

Бүгүн Красная Слободанын еврейлери, постсоветтик мейкиндиктеги башка элдердей эле, ибадатканаларын кайра оңдошуп, диний жөрөлгөлөрүн ачык карманышат. Динаятчы-раввиндер Израилден келишип, жаш муун ивритче таалим алат. Эски синагогдордун биринде маданий борбор ачылган. Анткен менен, совет заманында жамы республикага үлгү болгон даңазалуу шаарчанын калкы, Азербайжан акыркы 10 жылда баштан кечирип жаткан экономикалык каатчылыктан улам жети эсе азайган. Азыр Красная Слободада 5 миңдей гана еврей калган. Болбосо, бир жылдары бу жерде 35 миң тоолук еврей жашачу.

Алардын айрымдары Россияга кетсе, экинчи бирөөлөрү Израилге, үчүнчүлөрү Батыш өлкөлөрүнө тириликтин айласынан кетишкен. Ошентсе да, сыртка кеткен Азербайжан еврейлери майрамдарга киндик каны тамган жерине келишет. Сыртта, бөтөн өлкөдө жүрүп көз жумгандары сөөгүн Красная Слободага коюлсун деп мурас кылышат.

“Шаарчанын еврей жамаатынын өзгөчө касиети бар. Алар Израилге көчүп кетсе да, Красная Слобода менен байланышын үзүшпөйт”,- дейт тоолук еврейлердин тарыхын изилдеген Азербайжан илимпозу Фуад Ахундов. Жамаат тарыхын жазган Михаил Агаруновдун айтышынча:”Красная Слобода ана өлөт, мына өлөт деген сөз 100дөгөн жылдардан бери айтылып жүрөт. Бирок, эч качан андай болбойт”.
XS
SM
MD
LG