Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:13

Кыргызстандагы менчик авиакомпания жаңы аба каттамдарды ачканга киришти.


«Ботиравиа» компаниясынын коммерциялык директору Назим Икрамов 8-январда кабарлагандай, аталган авиаишкана ушул айдын этегинен тартып Ош-Шаржа, Ош-Үрүмчү, Ош-Самарканд каттамдары боюнча жүргүнчүлөрдү ташууга киришет. Эмдиги аптада Ош-Шаржа каттамы ачылат, аталган маршрутта ТУ-154 үлгүсүндөгү учак ар бир шейшемби күндөрү уча баштайт. Калган эки рейс боюнча азыр тараптар сүйлөшүүлөрдү аяктоо алдында турат. “Ботиравиа” менчик компаниясы 2000-жылы негизделген жана буга чейин Бириккен Араб Эмираттарына жүк ташып келген.

Интернетке даярдагандар Жыргалбек Касаболотов жана Эсенбай Нурушев
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG