Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:44

Конституциялык Сот кыргыз-кытай чек ара келишимдерине байланыштуу ишти 27-январда кароого киришет.


Бул маалыматты Конституциялык соттун аппарат жетекчиси Альмир Бообеков бышыктады. Ишти Конституциялык соттун судьялары Павел Дрыжак жана Канатбек Эсеналиев карайт. Конституциялык сот бул ишти Мыйзам чыгаруу жыйынынын 11 депутаты койгон суроо-талаптардын негизинде өндүрүшкө алган. Депутаттар кыргыз-кытай чек ара келишимдерин ратификациялоодо Конституциянын бир нече нормалары бузулган деп эсептейт жана ушул жүйөөдөн улам келишимдерди ратификациялоо жөнүндөгү мыйзамдарды жокко чыгаруу талабы менен өткөн жылы 16-майда Конституциялык сотко кайрылышкан.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG