Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:57

«СЫБЫЗГЫ-17»: БОРБОР АЗИЯНЫН 2002-ЖЫЛДАГЫ МАДАНИЙ ТУРМУШУ


Өткөн жылдын жыйынтыгын чыгарып, жаңы жылдагы максаттарыбызды тактап жаткан жыл тогошуусунда, Борбор Азия аймагынын маданий турмушуна көркөм өнөр ишмерлеринин көзү менен карап көрөлү.

Өткөн жылдын жыйынтыгын чыгарып, жаңы жылдагы максаттарыбызды тактап жаткан жыл тогошуусунда, Борбор Азия аймагынын маданий турмушуна көркөм өнөр ишмерлеринин көзү менен карап көрөлү. Алды менен маданий куш-кабарлар.

Өткөн жылдын этегинде дүйнөлүк сателлит сыналгы каналдарына жаңысы, казактардын «Каспионет» каналы кошулду. Казакстандын расмий «Хабар» агенттиги спутник-оператору «Евросат» менен түзгөн келишимдин негизинде, «Каспионет» күнү-түнү англис, казак жана орус тилдеринде эфирге чыгууда. Жаңы телеканалды Европадан, Азиядан жана Африканын көпчүлүк өлкөлөрүнөн кармап көрсө болот. Атына караганда, бул канал Каспийдин мунайынан түшкөн акча менен каржыланат. Максаты – Казакстанды көз карандысыз, көп улуттуу, туруктуу саясий жана жагымдуу инвестициялык климаты болгон өлкө катары даңазалоо. Казактардын «Хабар» агенттигинин билдирүүсүндө айтылгандай, «Каспионет» жалпы эле Kаспий жана Борбор Азия регионундагы олуттуу окуяларды да чагылдырып турмакчы. Реклама максатын көздөгөн сыналгыдан жашоону обьективдүү чагылдырат деп күтүү кыйын, ошентсе да, спутник байланышы үчүн эле 1 млн. долларды талап кылган бул долбоор казак элин дүйнөгө таанытууга чоң огожо болоору шексиз.

Жаңы жылдын алдында кыргыз-өзбек элдеринин достугун даңазалаган ырлар жыйнагынын бет ачаары Сузак районунда өттү. Өзбек акыны Хайрула Убайдуллаевдин «Достуктун канатында» деген жыйнагы толугу менен кыргыз тилинде басылып, эки элдин достугуна арналды. Чыгармасы үчүн автор «Түгөлбай ата» наамындагы эл аралык сыйлыкка татыды. Убайдуллаевге ошондой эле атайын диплом жана Кыргызстандын жазуучулар союзунун мүчөлүк билети тапшырылды.

Самаркандда Нобел сыйлыгынын лауреаттарынын кол тамгалары чогултулду. Самарканддагы Тынчтыктын жана Боордоштуктун эл аралык музейи баштаган «Тынчтыктын кол тамгасы» деген долбоорго Нобел сыйлыгына татыган 125 киши кол тамгасын жиберген. Долбоордун максаты – заманыбыздын залкар адамдары менен кызматташтык түзүү болуп саналат. Мындан бир нече жыл мурда Маджент Корунун чакыруусу менен, коллекциянын бир бөлүгү 25 шаарда көрсөтүлгөн эле. Президент Ислам Каримов Нобел сыйлыгын ала элек, бирок аталган музейден анын өзү кол койгон портретин да көрүүгө болот.

Кытайдын Аткаруучулук Өнөр Агенттиги өткөн бейшембиде 45 жылдык мааракесин белгиледи. Маданият министрлигинин алдында иштеген агенттик беш бөлүмдөн турат жана акыркы жылдары АКШдагы Кытайлык Маданий Саякат жана Франциялык-Кытайлык Маданият жылы өңдөнгөн бир катар эл аралык акцияларды ишке ашырды. Аткаруучулук Өнөр агенттиги ошондой эле кытайлык көркөм өнөр топторун чет өлкөгө алып чыгып, Нью-Йорктогу Карнеги залы сыяктуу атактуу сахналарда Кытайдын салттуу музыкасы жаңырды.

Маданий куш кабарлардан соң эми, Сыбызгынын башкы темасына келели. Өткөн жыл Борбор Азиялык маданият үчүн кандай жыл болду, келечектен эмне күтө алабыз? Сөз чыгармачыл замандаштарыбыздын өздөрүндө.

Түркмөн акыны Шерали Нармамедовдун пикиринде, жыл соңунда президентине кол салуу болуп, чакчелекей түшүп жаткан Түркмөн жергесинде маданий турмуш эбак тамам болгон.

«Түркмөнстана маданий, адабий, илимий турмуш, билим берүү - өлкө көз карандысыздык алган 10-12 жыл мурда эле мүңкүрөй баштаган. Улуу Сердар Түркмөнбашынын бийлиги тушунда, бул турмуштун кесели өтүшүп отуруп, өткөн жылы жарык дүйнө менен биротоло кош айтышты», -
дейт акын. Шерали Нармамедов Швециянын жазуучулар уюумунун мүчөсү, ушул өлкөдө саясий баш калканч алган. Түркмөнстанда илимдер академиясы, опера-балет татры, цирк, филармония жабылган. Сүргүндөгү акын белгилегендей, чыгармачыл биримдиктердин дээрлик бардыгы, анын ичинде жазуучулар союзу жоюлган, билим берүү тогуз жылга кыскартылган, маданий турмуш падышанын сарайы менен чектелип калган.

«Күн карама акындар калды. Улуу Түркмөнбашыны Айга, Күнгө теңеп мактаган жазмакерлерден башкаларга жашоо жок. Сүрөтчү ошонун гана сүрөтүн тартат, айкелчи ошонун гана айкечил чабат, акындар ошону гана ырга салышат», дейт Нармамедов.

Шерали Нармамедов учурда автобиографиялык документалдуу роман жазып жатат. Ырлары, аңгумелери швед тилине которулуп, кез-кези менен жарык көрүп турат. Бирок, киндик каны тамган жерин сагынган акын бөтөн эл менен жуурулушуп кете албай кыйналганын жашырган жок. Эл-жерин сагынганда чиймелеген ыры бул экен. Көп тил билгенге накыл сөз деп аталат.

«Колуңан келсе, аалам кез
бирок, эч жерде калба, өз жериңе кайт.
Сүйлөшсөң сүйлөш бөлөк тилде,
бирок ырыңды өз тилиңде айт.
Ыр айтсаң, бирөө желкесин кашыыр
бирок түшүнгөн жаш алаар көзүнө.

Ар тилде уруш, сөгүш, төбөлөш
бирок элиңдин сөзүн өз тилиңде бил.
Зор эмеспи көп тил билмек
бирок өз тилин сактамак милдеттир.

Тилдин эркини, сөздүн кыскасы жакшы,
Көз артам көп тил билген адамга.
Бирок да, не өз тилиңде, не башка тилде
Тилемчилик кылба, бирөөнү алдаба!» - дейт улуу Махтумкулинин улутташы, Швецияда сүргүндө жашаган Шерали НарМамедов.

Түркмөнстандан айырмаланып, Борбор Азиядагы демократиянын аралы атыккан Кыргызстанда маданий турмуштун бир сүртүмүнө назар салсак, Нарындан Дамир Калыков Кыргызстандын эл артисти, Муратбек Рыскулов атындагы сыйлыктын ээси, төкмө акын Табылды Актанов менен субкатташты. Актанов алды менен «өткөн жыл сиз үчүн эмнеси менен эсте калды?» деген суроого жоо берди.

Беш жылдык согуштан эми баш гана баш көтөрүп келаткан Тажикстандан маданий кабар аз болот. Деги бул жаатта кыймыл барбы? Кино-режисер Гульбахор Мирзоева кино тартууда жылыш дээрлик жок болгону менен, башка тармактарда өзгөрүш бар экенин билдирди.

«Бар, кыймыл сөзсүз бар. Биздин көп артисттерибиз Европага ат тезегин кургатпай каттап, концерт коюп жүрүшөт. Сыналгы, көркөм кол өнөрчүлүгү кайра жанданып келатат. Музейлер кайра ачылууда. Батыш спонсорлорунун жардамы менен, тарыхый музейдин короосунда 30 жыл жаткан Будданын айкели калыбына келтирилди. Бирок өлкө биринчи кезекте экономикалык жанданууга муктаж», - дейт ал.
Учурда Францияда жашаган Мирзоева азыр Тажикстанда француз-немис АРТЕ сыналгы каналы үчүн тажик аялдары тууралуу кино тартып жатат. Келечекте Ата Мекендик согушта Сталин Борбор Азияга депортациялаган Волга немистери тууралуу, өз курдашынын тагдырына байланыштырып, документалдуу фильм тартсам дейт.

«Бул жеке өзүмө тийешелүү окуя. Биздин класста немистер көп эле, алардын бири менин эң жакын курбум болчу. Бир күнү эле аны таппай калгам, көп жылдардан кийин билсем, ал Германияга эмиграциялап кеткен экен. Мен ошол курбумду кантип издеп, тапканымды тасмага түшүрсөм дейм», - деди Мирзоева.

Маектешибиз тажик жана орус тилдеринде ыр жазат. Ал эми жакындан бери французча да ыр чыгара баштады. «Ыр менен да кызыктуу болуп жатат. Бир жарым жылдан бери французча жазып жүрөм, февраль айында «Миграфони» деген адабий журналда менин алгачкы ырларым жарык көрөт», дейт Гульбахор Мирзоева.

Композитор, акын Бобомурад Хамдамов – Ташкен филармониясында иштеп жүрүп пенсияга чыкканына бир нече жыл болуп калды. Жашы 70тен ашса да, заманбап ритмдеги чыгармаларды жаратып, жаштардын сүймөнчүктүү ырчысына айланды. Тар аспабында ойногон Хамдамов бир нече муунга таанымал өнөрпоз. Чыгармачылыгын 10 жашында, индустардын ырларын аткаруудан баштаган. Ошентип жүрүп, Индиялык кинонун негиздөөчүсү, атактуу режисер Радж Гапурга кезиккен.

«Радж Гапур 82-жылы Ташкенге кинофестивалга келгенде, таанышып, чогуу ырдап чыкканбыз. Ошондо Радж гапур «менин кинолорумда ырдаган Мукеш Америкада дүйнөдөн кайткан эле, Мукешти эми Өзбекстандан таптым» деген эле» дейт Бабамурад Камдамов.

«Тентимиш» кинофилминин башкы каарманы ырдаган ырды алигиче жадыда сактаган аткаруучу - теги түркмөнстандык өзбектерден. Ошондуктан, тарыхый мекенинде ырдалган ырларды да ырдай калат.

- Бобомурад аке, сиз үчүн өткөн жыл кандай жыл болду?
- Өткөн жыл мен үчүн абдан мыкты жыл болду. Мен талыкпай өзүмдү такшалтып жүрөм, пенсияда болсом да, заманбап ырларды өздөштүрдүм.
- Ал эми жаңы жылда эмне тилейсиз?
- Мени дайым элим сүйсүн, элиме ырларым, үнүм жагып турсун, - дейт жаңычыл ырчы Бобомурат Хамдамов.
XS
SM
MD
LG