Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:58

БЕЛЕК СОЛТОНОЕВДИН МУРАСЫ


Мурат Кожобеков, Бишкек Тарыхчы Белек Солтонкелди уулу жетимчиликтин азабын тартып, тогуз жашына чейин байлардын малын багып, ошол кезде эле айыл молдолорунан кат таанып, кагаз-калем жоктугунан кумга тамга жазып, сабатын ачкан.

Айтылуу агартуучу, алгачкы тарыхчылардын бири Белек Солтонкелди уулу 1878-жылы Чоңкемин өрөөнүндө, «Экинчи Жантай» айылында жарды кедей үй - бүлөдө туулган. Атасы Солтонкелдиден кундактагы кезинен ажырап, эски салт боюнча энеси Кыргый аялы өлүп, бой калган кайниси Солтоной менен баш кошуп, Белек Солтонойдун баласы аталып, анын колунда тарбияланат.

Белек жетимчиликтин азабын тартып, тогуз жашына чейин байлардын малын багып, ошол кезде эле айыл молдолорунан кат таанып, кагаз-калем жоктугунан кумга тамга жазып, сабатын ачкан.

Солтоной Белекти тогуз жашында чолпонаталык И. Масловский деген бекетчи оруска окутууга берет. Бирок ал окутам деген убадасынан тайып, балага каз кайтартып коёт. Акылы зирек Белек үч айдын ичинде там-туң орусча сүйлөп, орусча тамгаларды үйрөнүп алат. Ошол жылы И. Масловский анын жөндөмдүүлүгүнө көзү жетип, Караколдогу мектепке жиберет. Үч ай окуп-окубай Белек Караколдогу мектептен чыгарылып, Кеминге келүүгө мажбур болот. Ошентип, билимдин төтө жолу кайра буулуп, жакырчылык азабы кайра башка келип, ал төрт-беш жылдай кой кайтарып, чарба жумушун аткарып калат. Бирок Белек билим алууну эңсеп, айлынан жөө качып, Бишкекке келет. Орус тилин үйрөнүп алганынын жардамы тийип, орус көпөсүнүн чочкосун карап, үйүндө баш пааналайт. Ошол кезде эки жыл А. М. Фетисовдун багбандарды даярдоочу кыргыз мектебинде окуйт. Белек Солтонкелди уулу 1894-жылы кайра айлына келип, Атаке болушунда катчы милдетин аткарат.

1916-жылы Атаке болушунун журтчулугу Белектин эл үчүн кылган ак дил кызматынан улам жабыла болуш көтөрүп алышат.

Бай–манаптардын теңдешсиз бийлиги убагында жакырлардын колдоосу менен алардын өкүлү коомдун бийлик тепкичинин болуштугуна шайланышы - тарыхта сейрек кездешүүчү окуялардын бири.

1916-жылкы кыргыз элинин башына түшкөн мүшкүл убагында, падышачылык Россиянын геноцид саясатынан улам калктын азаттык үчүн күрөшүнө Белек да катышат. Үркүндөн кайтып келгенден кийин ал Кеңеш өкмөтүн орнотууга салым кошот. 1920-жылы Түркстан фронтунун революциячыл согуш Совети Белек Солтоноевду Кызыл Армиянын кавалериялык бөлүктөрүнө кыргыздардын ыктыярдуу тобун топтоо үчүн атайын уполномочен кылып дайындайт. 1921-жылы Түркстан Борбордук Аткаруу Комитетинин өзгөчө комиссиясынын чечими боюнча Жетисуу областында качкындарды жайгаштыруу иши боюнча Нарынга жиберилет.

Белектин өмүрүнүн маанилүү курагы жана мазмундуу мезгили - 1895-жылдан 1943-жылга чейин эл арасынан тарыхый маалыматтарды мыскалдап чогултуп жазган «Кыргыз элинин тарыхы» аталган эмгегине сыйды.

Эмгектин өзгөчөлүгү - нака кыргыз турмушунда тарбияланган, санжыраны жатка билген, «Түрк санжырасын» жазган Хива ханы Абул Газынын жана академик В. В. Бартольд сыяктуу орус окумуштууларынын эмгектери менен тааныш, билимдүү адамдын калеминен жаралышы.

Белектин «Кызыл-Кыргыз тарыхын» жалпысынан тарыхый, этнографиялык, археологиялык жана фольклордук деп төрт бөлүктөн кароого болот. Тарыхый бөлүктө кээ бир маалыматтар В. В. Бартольддун же Н. А. Аристовдун эмгектеринен келкиси менен эле орусча текст түрүндө берилет.

Анткен менен ал ошол маалыматтарды кайра кыргыз санжырасы, «Манас» эпосундагы окуялар менен айкалыштырып, окуяга тарыхый баа берип, изилдөөчү катары мамиле жасайт.

Этнографиялык жана фольклордук бөлүктө кыргыздардын турмушу, салт-каадасы, улуттук оюндары, дини, табыпчылыгы, согуш тартибине тарбиялоосу, уруу тамгалары, жыл сүрүү, жылдыз саноо илими, улуттук каадасы, аңчылыктын түрлөрү, куда түшүү жана үйлөнүү, кыргыз уруулары сыяктуу маңыздуу маалыматтар жайланган.

Ошондой эле манасчылар жөнүндө баяндамалар, Толубай сынчы, Жаңыл Мырза жөнүндөгү тарыхый ырлар Солтоноев тарабынан аздектелип чогултулган.

Белек Солтоноевдун «Манас» эпосуна жасаган илимий талдоосу көңүлгө арзыбай койбойт. Манастын тарыхый инсандыгын Крит аралынын падышасы Минос, же Египет фараону менен салыштырганы анын окумуштуулук дараметин көрсөтөт. «Манас» эпосунун жаралыш доорун XI-XII кк. кара-кытайлардын Жетисууга жасаган жортуулу менен байланыштырып, эпостогу Жолойду тарыхый инсан Елюй-Даши менен байланыштырган алгачкы изилдөөчү Белек Солтоноев болгон.

Өз маалында өмүрү жана илимий эмгеги бааланбай калган Белек Солтоноев жалпы элибиздин сыймыгы болууга татыктуу.
XS
SM
MD
LG