Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:26

Европанын жана Азиянын бир катар өлкөлөрүндө катуу суук өкүм сүрүүдө


Маселен, Орусияда өткөн жылдын октябрь айынан бери эле сууктан 230 адам өмүрүнөн айрылган. Орусия чукул кырдаал министрлигинин бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, өлкөнүн 13 чөлкөмүндөгү тургундары жылуулуксуз калган райондор бар. Айрым жерлерде сууктун күчү минус 50 градуска чейин чыккандыктан, жылуулук берүүчү куурлардын эскилиги жеткендери бузулган. Польшада да кыш башталгандан бери катуу сууктан жана калың жааган кардан улам көбөйгөн жол кырсыктары 200дөн ашуун адамдын өлүмүнө себеп болду. Катуу сууктан улам Европанын бир катар өлкөлөрүндө жол катнашы кыйындады. Азиянын айрым өлкөлөрүндө да жергиликтүү калк үчүн адаттан тыш суук өкүм сүрүүдө. Индияда сууктун айынан 255, Бангладеште 240 адам набыт болду.

Жаңылыктарды даядаган Улан Алымкул уулу

XS
SM
MD
LG