Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:41

СОГУШТАН КИЙИНКИ ИРАКТЫ КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ ПЛАНЫ ДАЯРДАЛУУДА


Нарын АЙЫП, Прага Америка Кошмо Штаттары Иракка каршы күч колдонууга даярданууда жана Вашингтон саясатчылары азыр согуштан кийинки Ирактагы абал кандай болуш керек экендигин талкуулап жатат. Анткен менен, президент Саддам Хусейн кызматтан алынгандан кийин, Иракта кандай тартип орнош керек экендиги тууралуу алардын арасында бир пикир жок.

Иракка каршы согуш баштала электе эле, Америка Кошмо Штаттарынын жетекчилиги бул өлкөнүн согуштан кийинки өнүгүүсүн талкуулап, ал тууралуу атайын план да иштеп чыкты. Ал пландын негизин эки идея түзөт: президент Саддам Хусейн бийликтен кулатылгандан кийин, эл аралык коалициянын аскерлери өлкөдө кеминде дагы бир жарым жылга калыш керек. Экинчиден, Ирактын мунайын эл аралык базарда сатуудан түшкөн киреше өлкөнүн эл чарбасын калыбына келтирүү үчүн пайдаланылат.

Мындай планды, албетте, жактагандар да, ага каршы чыккандар да бар. Ирактын азыркы жетекчилиги жана кээ бир башка мусулман өлкөлөрдүн пикиринде, АКШ Иракка каршы согушту анын мунай байлыктарына ээ болуш үчүн гана баштоодо, анткени дүйнөдө канча башка диктаторлор элин эзип жатса да, Вашингтон ага эч көңүл бурбайт. Президент Джордж Буш өзү жана вице-президент Ричард Чейни дагы мурда мунай өндүрүшүндө иштегени да бул пикирге салмак кошот.

2000-жылы Буш президенттик кызмат үчүн күрөшүп жатканда, Югославиянын мурдагы аймагы Косоводо ич-ара согуш күч алып турган. Косового америкалык аскерлерди жиберүүгө кандидат Буш ал кезде каршы чыгып, АКШ эч бир өлкөнүн ички иштерине кийлигишип, мамлекет түзүү жараянына катышпаш керек деп чыккан. Бирок президент болуп шайлангандан кийин, америкалык аскерлерди Косоводо Буш баары бир калтырды.

Вашингтон шаарындагы Брукингс институтунун серепчиси Джеймс Линдсинин айтымында, Ирак президенти кызматтан алынгандан кийин, АКШ Иракта жаңы мамлекет түзүүгө жигердүү катышууга милдеттүү: "Башка өлкөлөрдүн ички иштерине кийлигишип, жаңы мамлекет түзүү америкалык президентке жакпаганы белгилүү. Бирок чындыгында, согушту баштап коюп, андан чыгып кетүү да оңой эмес. Мындай абал - оорулууга операция жасагандан кийин, доктур аны толук айыктырбай, басып кеткенге окшош, ошондуктан, АКШ президенти согуштан кийин эмне кылуу жөнүндө сөзсүз кам көрүүгө милдеттүү".

Бирок ошол эле Вашингтон шаарындагы Като институнун эксперти Тед Карпентердин айтымында, президент Саддам Хусейн кулатылгандан кийин, америкалык аскерлер дароо Ирактан чыгарылып кетүүгө тийиш: "Мамлекет түзүү тармагындагы биздин тажрыйбабыз өтө кайгылуу. Сексенинчи жылдардын башындагы Ливанды алалы, 1992-1993-жылдардагы Сомалини карагыла, 1995-жылдагы Боснияны, же мына Косово менен Гаитини алып көргүлө - акыркы жылдарда биз дүйнөнүн кайсы бурчунда болбосун мамлекет түзүү жараянына катышпайлы, баарында иш оңунан чыккан эмес".

АКШ азыр Ооганстанда дагы мамлекет түзүү иштери менен алек, бирок Ооганстанда бир-бири менен касташкан жана жакшы куралданган тайпалар көп жана ошолордун өз-ара тирешүүсү өлкөнү стабилдүү кармап турат. Иракта андай түзүлүш жокко эсе, бийликке болгон оппозиция болсо өтө алсыз. Ирактын түндүгүндө күрддөр жашайт, түштүгүндө болсо мусулман шиилер көп. Алар азыр автономия үчүн күрөшпөй тургандыгын айтууда, бирок Саддам Хусейн кулатылгандан кийин, алар кандай аракет көрөөрүн болжолдоп айтуу кыйын. Диктаторлук бийлик жок кылынган соң, Ирак чачырап кетиши да ыктымал, ошондуктан, эгер өлкөнү бирдиктүү сактап калам десе, эл аралык коомчулук Иракта согуштан кийин дагы калганы жакшы.
XS
SM
MD
LG