Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:12

ДҮЙНӨЛҮК СООДА УЮМУНУН ӨКҮМҮ СӨЗСҮЗ АТКАРЫЛАТ


Өткөн кылымдын 90-жылдарынын ортосунда Тарифтер жана соода жөнүндөгү Генералдык келишимдин ордуна Дүйнөлүк соода уюму - WTO түзүлөт. WTO соода тармагындагы, салык жана башка төлөмдөрдөгү мамлекеттер аралык талаш-тартышты жөнгө салуучу көз карандысыз жаңы система катары сегиз жыл ичинде өзүн көрсөтө алды. Деген менен, WTOнун жактоочулары да, каршылары да бар.

Былтыр күздө Дүйнөлүк соода уюму - WTO корпоративдик салыктан чыккан Кошмо Штаттар менен Европа Союзунын ортосундагы талаш боюнча өктөм чечим кабыл алды. Кубаты сот өкүмүнөн кем болбогон чечимине ылайык, Вашингтон Брюсселге 4 миллиард доллар айып төлөйт. Ошо тушта америкалык жоокерлер чет жерлерде миссия менен жүрүп, бейчеки иш кылышса, аларды Эл аралык кылмыш сотунда соттоо боюнча АКШ менен Евросоюз арасында кызуу тартыш жүрүп жаткан.

WTOнун мисалы бүгүнкү дүйнөдө дипломаттык нотаны юридикалык жолдомо, саясый компромиссти эл аралык соттор менен арбитраждык кеңештер алмаштыра баштаганын күбөлөйт. Чечим глобалдык жыргалчылык жана стабилдүүлүк үчүн жакшыбы же жаманбы, аларды түйшөлтпөйт. WTOнун ички соттон айрымасы, анын чечимин WTOго мүчө өлкөлөр кыңк этпей аткарышы зарурат.

Дал ушул жагдай, бир жактан, WTO доо арыздарды карап, тараптарды соолуктурчу мекеме болуунун ордуна, 1960-70-жылдардагы АКШнын Жогорку Соту сыңары мыйзамдуулукка көп маани берип, юридикалык жактан ашыкча активдүү болуп кетти деп күнөөлөөгө себеп болууда. Экинчи жактан, өнүгүп бараткан өлкөлөр уюмдун мүчөлөрү WTOнун заң-закүндөрүн пайдаланууда тең укуктуу эмес, мүмкүндүгү, байлыгы, маданияты ар кыл деңгээлдеги өлкөлөргө бирдей талап коюлат деп доомат кылышууда.

1995-жылы Тарифтер жана соода боюнча Генералдык келишимдин ордуна Дүйнөлүк соода уюму түзүлгөндө, эл аралык соодадагы келишпестиктерди жөнгө салуучу жаңы система катары бааланган.

Чыныныда эле, WTOнун түзүлүшү чоң жетишкендик эле. Мурда, маселен, Генералдык келшимге кирген өлкөлөр Арбитраждык сот кабыл алган чечимди макул көрсө гана аткарышчу. Ошондуктан, талаш иштерди жөндөө процесси бир нече жылга созулуп, ал турсун аягына чыкпай калчу.

WTO системасында тараптар Доо арыздарды териштирчү органдын чечимин көрсөтүлгөн мөөнөттө аткарышы абзел. Чечим кайра каралбайт. Уюмга мүчө 144 өлкө, анын ичинде Кыргызстан да бирдей укукка ээ. Милдети да бирдей. Ошондуктан, кайсы өлкө болбосун, соода келишимине кол коюу менен өзүнө алган милдеттенмесин чыгашасына карабай аткарууга тийиш.

Нью-Йоркто чыгуучу ”Foreign Affairs” журналынын маалыматы боюнча, соңку жети жылда соодага кошумча салык жана башка төлөмдөрдү киргизип бөгөт койгон өлкөлөрдүн үстүнөн WTOго арызданган өлкөлөрдүн дээрлик бардыгы утуп чыккан. Анын бир мисалы, биз сөз башында айтып кеткен, Брюссель менен Вашингтондун ортосундагы 4 миллиард долларлык иш.

Ушундан улам, америкалык таанымал эксперт Сюзан Ессерман айым менен профессор Роберт Хаус, башка эл аралык уюмдар WTOнун тажрыйбасын үйрөнүшү керек дешет. Жыйынтыктап айтканда:
1-ден, WTOнун сот органдары өзүн мыйзам негизинде иш жүргүзгөн көз карандысыз эл аралык трибунал катары көрсөттү;
2-ден, WTО анын чечимдери жарандардын кызыкчылыгына таасир этерин, өкүмдүн мыйзамдуулугу сот процессинин ачык-айкын өтүүсүнө байланыштуу экенин жана коомчулук жабыктыкка мындан ары чыдабасын айкын кылды.
3-дөн, WTOнун тажрыйбасы, чыгарган өкүмү сөзсүз аткарылчу эл аралык юридикалык система дагы кеңейтилип, интенсивдүү иштөөсү зарыл экенин ырастады,- дешет эксперттер.
XS
SM
MD
LG