Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:51

ТҮРКИЯНЫН БАШКАРУУЧУ ПАРТИЯСЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ БАКУДА БОЛДУ


Түркияны башкаруучу Адилеттик жана өнүгүү партиясынын төрагасы Режеп Тайып Ердоган 7-8-январь күндөрү Бакуда ырасмий сапарда болду. Ердоган Азербайжандын президенти Гейдер Алиев жана башка ырасмий адамдар менен болгон кездешүүлөрүндө, эки өлкө ортосундагы кызматташууну чыңдоого ырасмий Анкара чоң маани берерин улам кайталап жатты.

Ыстамбул шаарынын мурдакы мэри, бийликтеги Адилеттик жана Өнүгүү (АКП) партиясынын төрагасы Режеп Тайып Ердоган Түркиянын азыркы өкмөтүндө эч кандай кызмат ордун ээлебейт. Бирок, АКПнын өлкөнүн соңку 15 жылдагы тарыхында биринчи жолу жеке өзү өкмөт түзүүсү жана анын премьер-министр болуусу үчүн парламенттин конституцияга өзгөртүү киргизүү аракети - талдоочулар менен саясатчыларды Ердогандын ишмердүүлүгүнө кылдат көз салууга мажбурлайт.

Өз баасын жакшы билген Ердоганды, анын мурдакы визиттери учурундагыдай эле сердымак 30 ишкер адам коштоп жүрөт.

Бизнесмендер тобунун жетекчиси Тургул Эркиндин айтымында, визит Түркиянын жаңы өкмөтү түрк тилдүү постсоветтик өлкөлөр менен кызматташууга астейдил мамиле кыларын шарданалайт.

“Акыркы эки жылда Түркиянын ички проблемалары Борбор Азия багытындагы байланышты бекемдөөгө мүмкүнчүлүк бербеди. Ал үчүн ыңгай да болбоду. Мурдакы премьер Ежевит ден соолугунан улам бул өлкөлөргө бара албады жана саясий коалициянын өзүндө да проблемалар бар эле. Азыркы өкмөттүн өлкөнүн бардык тышкы байланышын калыбына келтирүү аракетинин себеби ушул”,- деген пикирде Тургул Эркин.

Ердоган да шейшемби күнү Бакуда президент Гейдар Алиев менен болгон кездешүүдөн кийин: “Саясий, экономикалык жана маданий тармактардагы кызматташууну чындап өнүктүрүүбүз зарыл. Мени менен чогуу келген ишкер адамдардын ниети да ушундай. Биз Азербайжанга кошумча инвестиция салууну каалайбыз” ,- деп билдирди.

Анын сөзүнчө, Түркиянын өкмөтүндө курулушу бир-эки ай аралыгында башталганы турган Баку-Тбилиси-Жейхан мунай боросуну мерчемделген мөөнөтүнөн эрте 2005-жылы бүткөрүү ниети бар. “Мындай сунушту Гейдар Алиев колдоду” деди Ердоган. 1760 чакырымдык боро пайдаланууга берилсе, ал аркылуу жылына 50 миллион тонна кара май ташылат.

Р. Т. Ердоган ишкерлер менен болгон кездешүүдө акыркы эки жылда Түркия-Азербайжан ортосундагы сооданын кыскарып кеткенине тынчсызданып, жыл соңуна өз ара сооданын көлөмү 500 миллион долларга, 2004-жылы 1 миллиард долларга чейин өсүш керек деди. Өткөн эки жылда бул көрсөткүч 200 миллион доллардан ашпаган.

Р.Т. Ердоган жана Г. Алиев жабык эшик артында өткөн сүйлөшүүдө Тоолуу Карабах маселесин да талкуулашкан. Ердогандын журналисттер менен болгон кездешүүдө айтышынча, Анкара талаштуу Карабах чатагынын сүйлөшүүлөр аркылуу жөндөлүүсүн жактайт.
XS
SM
MD
LG