Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:17

Конституцияга киргизиле турган түзөтүүлөрдүн соңку долбоору кайрадан Конституциялык кеңеште каралат


Бул тууралуу бүгүн биринчи вице-премьер-министр Курманбек Осмонов Британиянын согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институтунун Бишкектеги кеңсесинде адам укугуна арналган талкуу учурунда билдирди. Эксперттер тобу конституциялык өзгөртүүлөр менен толуктоолордун соңку долбоорун, биринчи вице-премьердин сөзү боюнча, 13-январга чейин даярдап бүтөт, андан соң аны Конституциялык кеңештин кароосуна берет. Мындан бир нече күн мурда Курманбек Осмонов Конституциялык кеңеш кайрадан чогулбай тургандыгын айткан эле. Ушул эле күнү бейөкмөт уюмдардын «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясы мамлекет башчысына кайрылып, Конституциялык кеңешти кайра чогултууга чакырды.

XS
SM
MD
LG