Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:06

ПХЕНЬЯН ПРОБЛЕМАСЫ ОҢОЙ-ОЛТОҢ ЧЕЧИЛЧҮДӨЙ ЭМЕС


Өткөн айдан тарта өзөктүк программасын жанданткан Пхеньян, өзүнүн бул аракетинен улам келип чыккан Корей жарым аралындагы кризис үчүн АКШны айыптоодо. Түндүк Кореялык гезиттер, «Кошмо Штаттар Пхеньян тууралуу жалган маалымат таратып, эки Корей Республикасынын ортосунда от тутантууга умтулууда» деп жазышууда. Шейшембиде Вашингтон Пхеньян менен сүйлөшүүгө даяр экенин жарыялап, бирок эч кандай шарттарга көнбөй турганын эскертти.

Пхеньян проблемасындагы башкы жагымдуу жагдай – бул Түндүк Кореяга таасир эте алчу Кытай, Орусия жана АКШ – үчөө бирдей маселенин тынч жол менен чечилишин колдоп, Корей жарым аралындагы бейпилдикке умтулганында. Аталган 3 мамлекет тең Түндүк Кореяга коңшулаш, экономикасы күч-кубаттуу Түштүк Корея менен кызматташтыгын өнүктүрүүгө кызыкдар, ошондой эле дүйнө экономикасында маанилүү роль ойногон Япония да жакын жайгашканын эске албай кое алышпайт. Башкача айтканда, Түндүк Корея – эл аралык экономикага таасир эте алчу Азиялык чөлкөмдө жайгашканы өтө маанилүү роль ойноодо.

Ага карабастан, жагдай азыркыдан татаалдашып кетиши толук ыктымал, анткени Түндүк Корея азыркы тапта өзөктүк реакторун кайрадан ишке киргизип, Атомдук энергетика боюнча эл аралык агенттиктин инспекторлорун өлкөдөн чыгарып салып, чөлкөмдү бейстабилдүү аймакка айлантуудан кайра тартпай турган кез. Япониялык «Киодо» маалымат агенттиги, «Түндүк Корея Йонбиндеги атомдук станциясында өзөктүк курал даярдоодо керектелчү плутоний өндүрдү», деп жазып чыкты. Пхеньяндын мындай каардуу саясатынын артында кандай максаттар жатат? Бул тууралуу Лондондогу Экономикалык иликтөөлөр бирикмесинин эксперти Роберт Уарддын пикири төмөнкүдөй. «Биринчи себеби – бул Түндүк Кореянын экономикасы өтө начар акыбалда болгондуктан, АКШны көбүрөөк акчалай жана башка материалдык жардам берүүгө мажбурлоо. Пхеньян Батыш менен мамилесин оңдогусу келбейт, коркутканга эле маш болуп алган. Экинчи себеби - Кошмо Штаттар чындап эле аларга каршы согуш ачат деген кооптонуу бар. АКШ президенти канча ирет Ирак, Түндүк Корея, Иранды «балакеттин үчилтиги» деп атап, сөөмөй кезебедиби. Анан Пхеньян эми Ирактан кийин АКШ бизге каршы чабуул коет деп чочулайт да. Андыктан, алда эмне болуп кетет деп, коргонуш үчүн массалык кыргын салуучу курал жасоого ашыгууда», - дейт Лондондук эксперт Уард. Көпчүлүк аналитиктер анын пикирин колдоп, Пхеньяндын өзөктүк куралдар программасын экономикалык каатчылык жана АКШ администрациясынын орой-опуза эскертүүлөрү көкүтүп жибергенин белгилешет. Алардын айтымында, азыр эми Түндүк Корея биринчи кезекте АКШ жакындан тарта жөнөтпөй калган мазутту жетиштүү көлөмдө кайрадан алууга муктаж. Бирок, Түндүк Корея 1994-жылы АКШ менен кол койгон атомдук реакторлорду иштетпөө тууралуу келишимди бузуп, ишеничтен чыкты, эми Вашингтон Пхеньян менен кандайдыр бир маселени макулдашпай коюшу мүмкүн дешет эксперттер.

90-жылдардын башына чейин жалаң мурдагы Советтер Союзунун жөлөк-таягы алдында жашап келген Түндүк Кореяны, андан бери Орусия дээрлик талаага таштагандай эле болду. Жакындан тарта гана эки өлкө ортосунда Трансазиялык темир жол долбоору өңдүү ири экономикалык пландар талкуулана баштаган. Москвага да чоң пайда алып келчү ал долбоорлордон улам, орусиялык элчилер Түндүк Корея кризисин тынч жол менен чечүүгө далалат кылып, чапкылап жүргөн чагы. Кытай болсо, бир эле учурда Пхеньянды Түштүк Кореядагы америкалык аскерий базаларды алыстатчу буфер катары колдонгусу келип, бирок, региондогу стабилдүүлүктүн кызыкчылыгы үчүн Түндүк Кореянын өзөктүк программасын токтотууга кызыкдар экенин да көрсөтүүдө. Эксперттердин айтымында, Пхеньян проблемасындагы башкы ортомчу болгон Сеул АКШ менен Түндүк Кореяга татаал жагдайды жайгаштыруу боюнча мунасалуу чечим сунуш кылды. Ага ылайык, Кошмо Штаттар Түндүк Кореянын бейпилдиги менен коопсуздугун бекем кепилдеши керек. Ал үчүн Пхеньян өзөктүк программасын жаап-токтотот. Эмнеси болсо да, шаршембиде Пхеньян проблемасын Түштүк Корея президентинин чабарманы Вашингтондо Мамлекеттик департамент өкүлдөрү менен талкуулады. Атомдук энергетика боюнча Эл аралык агенттиктин жетекчиси Мухммед Эл-Барадей болсо, Түндүк Корея жакынкы апталар ичинде инспекторлорду өлкөгө киргизбесе, маселени Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин алдына коерун эскертти.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG