Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:14

ТҮНДҮК КОРЕЯ ВАШИНГТОНДУ ЖАРГА ТАКАГЫСЫ БАР


Баян Жумакадыр кызы, Прага 6-январда АКШнын президенти Жорж Буш, анын өлкөсү Түндүк Кореяга чабуул жасоого ниеттүү эмес экенин билдирип, өлкөнүн өзөктүк программасына байланышкан маселелер боюнча диалог жүргүзүүгө даяр экенине ишендирди.

Түндүк Корея менен АКШнын ортосундагы тирештин күч алышына Йеменге өзөктүк ракетарды жашыруун алып бараткан аткезчи кеменин декабрда Перс булуңунда колго түшүшү, ага удаа Түндүк Кореянын өзөктүк программанын үстүнөн иштеп жатканын дүйнө коомчулугунун алдында моюнга алганы себеп болгон. Эл Аралык Атомдук Энергетика Агенттигинин инспектолор тобун мындан бир жума мурда өлкөдөн чыгарып жиберген соң, Пхеньян өзөктүк куралга жарактуу плутонийди иштеп чыгаруу боюнча лабораториялык изилдөөлөрүн ачык эле улантты.

6-январда МАГАТЭ Түндүк Кореяны агенттик менен кызматташууга чакырып, болбосо анын өзөктүк куралдарды таркатпоо жөнүндөгү жалпы келишимди бузуп жатканы жөнүндө Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешине билдирээрин, жана өлкөгө каршы санкцияларды колдонууну талап кылаарын эскертти. Бирок расмий Пхеньян МАГАТЭнин резолюциясына азырынча өчүккөн таризде гана жооп кайтарууда. 7-январда Кореянын Борбордук кабар агенттигине берген маалыматында жогорку даражалуу пхеньяндык өкүл: “Өлкөгө каршы кандайдыр санкцияларды колдонуу - ага согуш ачканга барабар болот!” - деп билдирди. Иштин мындай нукка түшкөнүнөн чочулаган МАГАТЭ АКШны Түндүк Кореянын талабын канааттандырып, Пхеньян менен кол салышпоо келишимине кол коюуга чакырууда. Агенттик, мындай келишим өлкөнүн өзөктүк программасын токтотууга байланышкан татаал сүйлөшүүлөрдүн натыйжалуулугун арттырат деген пикирде.

Бирок андай келишимге качан кол коюлаары белгисиз. 6-январда президент Буш АКШнын Түндүк Кореяга чабуул коюуга ниети жок экенине Пхеньянды дагы бир жолу ишендиргенге аракеттенди. “Кореяга 2002- жылдын февраль айында барганымда, Түндүк Кореяга кол салууга АКШнын ниети жок экенин билдиргемин. Мен муну Түштүк Кореяда, Түндүк Корей лидери Ким Йоң Иллдин жуп кашына барганымда, айтканмын. Биз Түндүк Кореяга кол салалы деген жерибиз жок", – деди Буш.

Буш ошондой эле Түндүк Корея менен диалог жүргүзүүгө ниети бар экенин билдирди, бирок андай сүйлөшүүнүн качан жана кайда боло турганын айткан жок.

Эксперттер Түндүк Кореянын өзөктүк программасынан баш тарптай жатканын бир чети анын коммерциялык кызыкчылыктары менен түшүндүрүп жатышат. Далай жылдар бою дүйнө коомчулугунан обочодо калып, анын натыйжасында зор экономикалык кыйынчылыктарга туш болуп, ачарчылык менен жокчулуктан жабыркап келаткан өлкө үчүн курал соодасы, анын катарында жогорку технологиялардагы куралдарды сатуу - кирешинин бирден-бир булагы болуп калган. Перс булуңунда колго түшкөн Йеменге караштуу товар - буга айкын күбө. Айрым маалыматтар боюнча Түндүк Корея жогорку технологиядагы куралдарды Пакистанга, Индияга жана Түштүк-Чыгыш Азиянын өлкөлөрүнө сатууда.

Экинчиден, эксперттердин көз карашында, Түндүк Корея согуш отун тутандыруу опузалары менен АКШны жарга такап, андан саясий жана экономикалык пайда көргүсү келет. 1994-жылы АКШ менен түзүлгөн келишимге ылайык, Түндүк Корея өзөктүк программасын токтотууга макул болгон. Бирок бул концессияга жооп кылып, АКШ ага мунай менен жардам бергенге милдеттенген. Андан сырткары Кошмо Штаттар жана анын шериктери өлкөнүн атомдук электр станцияларын коопсуз болгудай кылып реконструкциялаганга жардам бермек болгон. Өлкөлөр ошондой эле Түндүк Кореяга ири гумжардам жөнөтүүгө макул болушкан. Бирок акыркы окуялар көрсөтүп тургандай, ал кызматташуу каалагандай натыйжа берген жок. Өлкө менен эл аралык коомчулуктун ортосундагы тиреш азыр 94-жылкыдан да курчуп отурат.

Жагдайды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөр качан боло турганы белгисиз. Бирок диалогдун кандай нукта өтөөрүн алдын ала тактап, аны натыйжалуу жолго салууну көздөгөн Түштүк Корея 7-январда Вашингтонго өзүнүн жоптуу өкүлүн жөнөттү. Расмий Сеул, эли ачка отурган Түндүк Корея менен ачык конфронтацияга өтүү жакшылыкка алып келбесин жакшы түшүнөт жана непадам аскердик араздашуу чыгып кетсе, Түштүк Корея Түндүк кошунасынын эң биринчи бутасы болуп калмакчы. Муну акыркы жылдарда эки өлкөнүн ортосунда болгон жагымсыз окуялар далай жолу тастыктаган.
XS
SM
MD
LG