Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:07

КУРМАНБЕК ОСМОНОВ ЭКСПЕРТТИК ТОП ИШТЕП БҮТКӨН СОҢ КОНСТИТУЦИЯЛЫК КЕҢЕШМЕ ЧОГУЛААРЫН АЙТТЫ


9-январда британдык Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институтунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү адам укугу темасында «тегерек үстөл» өткөрүп, анда негизинен Аксы районунун жашоочуларынын проблемалары талкууга алынды. Жолугушууга Аксы районунан келген мугалимдер жана бийлик өкүлдөрү катышты.

Британдык Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институтунун Бишкектеги өкүлчүлүгү 9-январда уюштурган, адам укугуна арналган бул «тегерек үстөлгө» Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Курманбек Осмонов, Кыргызстандын Акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу жана Аксы районунан чакырылган мугалимдер катышышты. Бийлик менен көзмө-көз жолугушууга мүмкүнчүлүк алган аксылык мугалимдер, мектептерде ар кандай шылтоолор менен мыйзамсыз акча чогултуулар күчөп, борбордон келген меймандарды тосуунун жүгү барып-келип эле мугалимдерге түшүп жатканын Курманбек Осмоновго айтышып, биринчи вице-премьер-министрден мындай күчкө салмайларды токтотууну суранышты. Аксыдан келген мугалимдер ошондой эле «өкмөт Аксы районуна 79 миллион сом бөлдү» деген маалымат эл арасына тараганын, бирок Аксынын тургундары катары ал жардамдын акыбетин иш жүзүндө көрбөй жатышкандыгын айтышты. Курманбек Осмонов болсо, бул акча негизинен Аксы районунун жалпы элинин жашоо-турмушун көтөрүүгө, жолдорду оңдоп, таза суу чыгарууга кеткенин айтып, жакынкы арада ал 79 миллион сом акчанын кандай сарпталганы тууралуу маалыматты басма сөзгө жарыялоону убада кылды.

Жолугууга катышкан Кербен айылынын Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин мугалими Дарыя Абдраимова, «Бүгүнкү жолугушууга абдан ыраазымын. Биз биринчи вице-премьер-министр Курманбек Осмонов жана Кыргызстандын Акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу менен кездешип, аларга суроо бергенге мүмкүнчүлүк алдык. Алсак, бизди өкмөт Аксы районуна бөлдү деген 79 миллион сомдун тагдыры кызыктырып, суроо узаттык эле, ага Курманбек Осмонов жообун берип, ага кошумча бул каражат кандай пайдаланылганын басма сөзгө жарыялайбыз деген убадасын да берди», - дейт.

Кыргызстандын Акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу бир райондун же аймактын проблемасы чыкса, бийликтин бардык көңүлү ошол тарапка бөлүнүп калчу адаты туура эместигин айтып, азыр көйгөйдү жалпы Кыргызстандын алкагында карообуз керек деген ынанымда. «Эгерде бир райондо тополоң чыгып кетсе, бийлик болгон күчүн жумшап, акча берип, кредит бөлүп жатып калат. Туура, Аксынын эли элди ойготту, бийликтин өзүн ойготту, буга ырахмат. Бирок бийлик мындан бир жыйынтык чыгарып, ар бир райондун көйгөйүн жалпы өлкөнүн алкагында кароого үйрөнүүсү керек», - дейт Кыргызстандын алгачкы Акыйкатчысы.

Айта кетүүчү нерсе, «Тегерек үстөлдө» биринчи–вице-премьер Курманбек Осмоновго “Аксы каргашасынан кийин өлкөдөгү саясый абалды турукташтырып, оппозиция менен ымалага келүүдө Конституциялык Кеңешменин түзүлүп иштегени жакшы болду эле. Бирок Президент өз жарлыгы менен Конституциянын акыркы долбоорун иштеп чыгууну өзү түзгөн эксперттик топко ишенип берип койду. Конституциялык Кеңешме кайра жыйналбайбы?” - деген суроо узатылды.

Ага Курманбек Осмонов эксперттик топ иштеп бүткөн соң, Конституциялык Кеңешмени жыйнап аларга акыркы долбоорду көрсөтүп коюу туура болот эле деген оюн билдирди. «Эксперттик топ иштеп бүткөн соң мен өзүм эле демилге көтөрүп, өзүм чогултуп, маалымат берип, мындай-андай деп коюуну туура көрүп турам», - деди ал.

Белгилүү болгондой, Аксы окуясында окко учкан жана жарат алган жарандардын ата-энелери Президент Акаевге жана Кыргызстан калкына кайрылуу менен чыгышып, анда элди атууга буйрук бергендер жана аны аткаргандар өз жазасын албай калганына нааразылык билдирип, Карыпкулов, Акматалиев башында турган бир катар адамдарды азыркы кызматынан кетирүү талабын коюшкан эле. “Эгер талаптар 17-мартка чейин аткарылбаса Ак Үйдүн алдында балдарыбызды жоктоп кошок кошобуз” дешкен эле кат ээлери. «Азаттыктын» кабарчысынын аксылыктардын бул каты боюнча бийликтин көз- карашы тууралуу суроосуна биринчи вице-премьер Курманбек Осмонов: «Соттук иштерде, кылмыш иштери каралгандабы, же граждандык иштер каралгандабы - тараптардын бири сөзсүз нааразы бойдон калат. Нааразы болгон тараптардын Жогорку Сотко чейин арызданууга укугу бар. Бул жерде өкмөт ак же көк деп айталбайт», - деп жооп берди.

XS
SM
MD
LG