Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:32

“ЧЕК АРАСЫЗ КАБАРЧЫЛАР” УЮМУ ЫРАСТАЙТ


Үстүбүздөгү аптада “Чек арасыз кабарчылар” уюму 2002-жылдагы сөз эркиндигинин абалы жөнүндөгү жылдык докладын жарыялады. Докладга караганда, 2002-жылы милдет үстүндө өлтүрүлгөн журналисттердин саны азайган. Лекин, кабарчыларды уруп-сабоо, коркутуп-кодулоо жана абакка отургузуу алдыңкы жылга салыштырмалуу көбөйгөн.

2002-жылдагы сөз эркиндигинин абалы жөнүндөгү докладдын түзүүчүлөрдүн бири, “Чек арасыз кабарчылар” уюмунун Азия боюнча адиси Режье Буржуа биздин радиого мындай дейт: “Эгерде 2002-жылга көз чаптырсак, жазган макалалары үчүн өлтүрүлгөн кабарчылардын саны 2001-жылга салыштырмалуу азайганын көрөбүз. Бирок, өткөн жылы 2001-жылга салыштырганда уруп-сабалган журналисттердин жана цензурага алынган маалымат каражаттарынын саны көбөйгөн”.

Докладга караганда, 2002-жылы өз милдетин аткарып жүргөндө 692 журналист камакка алынган. 2001-жылы 489 журналист камалган болчу. Өткөн жылы 1420 кабарчы уруп-сабалган же коркутуп-кодуланган. Бул 2001-жылга караганда эки эсеге көп. 2001-жылы 31 журналист кызмат үстүндө өлтүрүлсө, 2002-жылы 25 журналист киши колдуу болуп өлгөн.

Журналистерди уруп-коркутуунун көбөйүшү дүйнөдөгү коопсуздук коркунучунун өсүшүнө жана террорчулуктун күчөгөнүнө байланыштуу. Атап айтканда, Кошмо Штаттардагы терроризм менен болгон күрөш, россиялык аскерлердин чечен козголоңчуларына каршы согушу жана Индия-Пакистан чек ара чатагы маалымат каражаттарынын абалынын начарлашына өбөлгө болгон.

Кыргызстанды алсак, Борбор Азиядагы мурдакы советтик республикаларга караганда, жагдай бир кыйла жакшы болчу. Бирок, докладга караганда, 2002-жылы президент Аскар Акаевдин режими журналистерди кысмакка алууну күчөттү, оппозициячыл гезиттерди почта аркылуу таркатууга тоскоолдук кылуу кадыресе көрүнүшкө айланып барат. Гезиттерди сот аркылуу жабуу улам кеңири жайылууда. Журналисттерди 2002-жылы Кыргыз парламентинин мүчөлөрү айрыкча көп сотко беришкен, деп айтылат “Чек арасыз кабарчылар” уюмунун изилдөөсүндө.

Тынчтык жана саясый реформа ар качан сөз эркиндигинин абалына оң таасир этерине Ангола, Шри Ланка жана Ооганстандын мисалы далил. “Көптөгөн гезиттердин чыгышына уруксат берген Ооганстандын убактылуу өкмөтүнүн башчысы Хамид Карзайдын администрациясына ырахмат. Азыр Ооганстанда менчик жана эл аралык радиостанциялардын обого чыгуусу жеңил болуп калды”,-дейт Режье Буржиа.

Кабулда чыккан гезиттер азыр Ооганстандын 31 провинциясынын дээрлик баарында таркатылат. Анткен менен, эл аралык күчтөр жайгашкан Кабулдан башка жерлерде сөз эркиндиги бар деш жаңылыштык болор эле.

«Чек арасыз кабарчылар» уюму Италия жана АКШ сындуу демократиялуу өлкөлөрдө да сөз эркиндигине коркунуч бар деген тынчсыздануусун билдирет. Анткен менен, Кошмо Штаттарда журналисттерди кысмакка алуу жок деп белгиленет докладда.

Уюмдун Европа боюнча адиси Сория Блатман айымдын сөзүнө караганда, өткөн жылы сөз эркиндигин чектөө Россияда айрыкча күчөгөн. “Москванын Дубровка театрында болгон барымта кризисинен кийин, коогалаңдуу окуяны, же жалпылап айтканда, Чеченстанга байланыштуу окуяларды чагылдырган маалымат каражаттары жазаланганына биз күбө болдук”,- деген С. Блатман айым биздин радионун кабарчысына докладдын чыгышына байланыштуу берген интервьюда.

“Версия” жумалыгы Москвадагы театрды чечен козголоңчуларынан бошотуу операциясы жөнүндө өз изилдөөсүн жарыялаганы үчүн, гезиттин материалдар топтолгон негизги компьютерин Россиянын коопсуздук кызматынын агенттери тартып алган.

Сөз эркиндигинин абалы жөнүндөгү докладга караганда, өткөн жылы өз көз карашы үчүн дүйнө өлкөлөрүндө 118 журналист абакка салынган. 700гө жакын кабарчы маалымат булагын ачыкка чыгарбаны үчүн суракка алынган.
XS
SM
MD
LG