Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:02

НЕМЕЦТЕР ШРӨДЕРДИН ӨКМӨТҮНӨ НААРАЗЫ


Баян Жумакадыр кызы, Прага Жакында Германияда өткөрүлгөн сурамжылоолор немецтердин теңинен көбү азыркы өкмөткө ишенбей турганын көрсөттү. Канцлер Герхард Шрөдердин рейтинги да былтыркы жылдын ушул маалына караганда кыйла төмөндөп кеткени айгине болду. Мындан жарым жылдай илгери эле шайланган өкмөткө элдин ишеними эмне себептен төмөндөп баратат?

Декабрдын орто ченинде жүргүзүлгөн көз карандысыз иликтөөнүн жыйынтыктарына караганда, немецтердин 49 проценти азыркы коалициялык өкмөт мандат мөөнөтү бүткөнгө чейин бийликте каларына ишенет. Ал эми калган 42 проценти экономикалык проблемалардын өтөлүнө чыга албаган кабинет бийлигин келерки шайлоого чейин эле оппоненттерине өткөрүп бергенге аргасыз болот деп эсептейт. Сурамжылоо ошондой эле канцлер Герхард Шрөдердин рейтинги былтыркыдан кыйла төмөндөп кеткендигин көрсөттү. Өткөн жылы январда ага ишеним көрсөткөндөрдүн саны 79 процент болсо, быйыл алар 41 процентке гана жеткен.

Мындай терс өзгөрүүнүн себептери оболу ички экономикалык проблемаларда жатат. Экономиканын эңкейиштеп бараткан абалы өлкөдө жумушсуздукту ого бетер күчөттү. Алардын саны азыр 4 миллион 200 миң кишиге жетет. Экономикалык өсүш быйыл ары кеткенде бир жарым проценттин тегерегинде болот деп болжолдонуп жатканын эске алганда, жумушсуздардын саны азайбайт. Мындан тышкары өткөн төрт жылдын ичинде жүргүзүлгөн салык реформасы каалагандай натыйжа берген жок. Эксперттер, тескерисинче, реформанын натыйжасында салык төлөбөстөн көмүскө иштеген адамдардын саны көбөйгөнүн айтышат. Айлык акылар алымсындырбай, ал эми алык-салыктар асмандап жатканына нааразы болгон коомдук транспорт, коммуналдык тейлөө, саламаттык сактоо жана билим берүү тармактарынын кызматкерлери менен жумушчулары бир нече аптадан бери иш таштап, маяналардын өлчөмүн көбөйтүүнү талап кылып жатышат. Бирок бюджеттин таңсыктыгы Европа Союзунда кабыл алынган 3 проценттик чектен ашып кеткен Германия айлыктарды көбөйтүүгө кудуретсиз. Ошондуктан ал 7-январда коомдук сектордун профсоюздары менен сүйлөшүүлөрдө алардын талабын аткаруудан баш тартты. Коомдук сектордо эмгектенген миллиондогон жумушчулар кайрадан иш таштоого кесенип жатышат.

Жумушсуздардын санын азайтуу максатында Шрөдердин өкмөтү эмгек рыногун реформалоону улантууда. Реформа ортоңку тапка, башкача айтканда, кошумча жумуш орундарын түзө ала турган орто жана чакан ишкана ээлерине колдоо көрсөтүүнү көздөйт. Ошол эле маалда өкмөт жумушсуздук үчүн жөлөк пул төлөөнүн мөөнөтүн кескин кыскартып, ишсиздерди жаңы кызматтарды издеп-тапканга, өкмөткө өктөөсүн артпай, өз арбайын өзү сокконго шыкак берүүнүн айласын кылууда. Жумушсуздарга алтернативдүү иш сунуш кылуу, ошондой эле аларды кайра квалификациядан өткөрүү, толук эмес жумушчу күн программалары жүзөгө ашырылып жатат. Бирок өлкөдө болор-болбос экономикалык өсүш күтүлүп жаткандыктан, эксперттер жумушсуздардын санын мындай ыкма менен кыскартуу мүмкүн болбой турганын айтышат.

Өткөн шайлоодо социал-демократтар менен оппозициядагы христиан-демократтар шайлоочулардан дээрлик тең бирдей - 38 процент добуш алышкан эле. Бирок социал- демократтардын өнөктөштөрү “жашылдар” партиясына болжогондон көбүрөөк добуш берилгендиктен, СПД бийлигин сактап калганга жетишкен. Тараптар коалициясын улантып, Шрөдерди экинчи жолу канцлер кылып шайлашкан. Социал-демократтарга ошондой эле Шрөдердин Иракка каршы болжолдонуп жаткан согушка Германия катышпайт деген ишенимдүү убадасы упай кошкон. Белгилүү болгондой, немецтердин 70 процентинен көбү согушка каршы. Шрөдердин өкмөтү кийин бул убадасынан тайбай турганын бир нече ирет тастыктады. Шрөдердин сөзү боюнча, Германия Ирактан оолак болгусу келет. Бирок алдыда ООНдун Коопсуздук Кеңешинде Иракка каршы аскердик операция баштоо маселеси боюнча добуш берүү вазийпасы турат. Германия ушул жылдан тартып Коопсуздук Кеңешине ротациялык негизде мүчө болду,андыктан эми ал бул абройлуу органда добуш берүү укугуна эгедер болот. Өлкөнүн тышкы иштер министри Йошка Фишер кокус Коопсуздук Кеңешинде Иракка каршы аскерий операция өткөрүү маселеси колго салынса, Германия бул чечимди колдоп добуш бериши ыктымал экенин кыйытты. Мындай шартта аналитиктер азыркы коалициянын ичинде араздашуу чыгып, курама өкмөт ыдыроо коркунучуна туш болушу мүмкүн дешет. Коалицияда болсо пацифист-“жашылдар” олуттуу күчкө ээ.

XS
SM
MD
LG