Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:43

ТҮНДҮК КОРЕЯ ВАШИНГТОНДУН СУНУШУНА ЖООП КАЙТАРА ЭЛЕК


Баян Жумакадыр кызы, Прага Түндүк Корея өз ара мамилелердеги проблемаларды жөнгө салуу боюнча Түштүк Кореянын сунушуна макул болду. Жакынкы күндөргө белгиленип жаткан сүйлөшүүдө Сеул ошондой эле Пхеньянды атомдук программасын токтотконго көндүрүү үчүн да аракеттенет.

Сүйлөшүүлөр Сэул сунуш эткендей 14-январда эмес, 21- январда башталат.Түштүк Кореянын эки өлкөнү бириктирүү маселелери боюнча министринин 9-январда жасаган билдирүүсүнө караганда, 4 күнгө созула турган сүйлөшүүдө эки тараптын мамилелерин жакшыртуу чаралары менен бирге Пхеньяндын атомдук программасы талкууга алынат.

Бирок оң маанидеги бул кадам деле Түндүк Кореянын атомдук программасына байланыштуу курчуп турган кырдаалдын кылоосун мокото алган жок. Расмий Пхеньян АКШнын эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү улантуу жөнүндөгү сунушуна азырынча макул боло элек, ал баштагыдай эле Вашингтондон өз ара кол салышпоо келишимине кол койууну талап кылып жатат. Андай келишимсиз Пхеньян сүйлөшүү үстөлүнө отурбай турганын кайталоодо. "Буштун администрациясы атомдук программа жөнүндөгү маселени тынч жол менен чечүүнү каалап жатканын айтууда, бирок ал адегенде бизге кооп туудурбай турганын мыйзам менен бышыктоого тийиш. Диалог ошондо гана мүмкүн болот", -деп билдирди Түндүк Корей радиосу шаршемби күнү кечинде.

АКШ менен Түндүк Кореянын ортосунда дипломатиялык байланыштар жок, ошондуктан Вашингтон сүйлөшүүлөрдү жогорку деңгээлде эмес, өлкөнүн ООНдогу өкүлчүлүгү аркылуу гана жүргүзүү мүмкүн деп эсептейт. Вашингтон ошондой эле Түндүк Кореянын кол салышпоо келишим түзүү талабына макул эмес, ал Түндүк Корея адегенде 1994-жылы ООН алдында алган милдеттенмелерин аткарып, атомдук программасын токтотууга тийиш деп эсептейт. Эгерде Пхеньян муну аткарбаса, Вашингтон Түндүк Кореяга каршы санкцияларды киргизүүгө кесенген. Эсиңиздерге сала кетели, декабрь айында Түндүк Корея 1994-жылдан бери өлкөнүн атомдук электростанциясын көзөмөлдөп турган эл аралык инспекциянын өкүлдөрүн өлкөдөн чыгарып жиберип, комплексти кайрадан ишке киргизүү аракеттерин баштаган. Ошону менен катар бирге аталган станцияда иштетилген материалдардын негизинде атомдук изилдөөлөрүн уланта тургандыгын да билдирген.

Вашингтондун Түндүк Кореяга санкция жарыялоо демилгеси Орусиянын, Кытайдын жана Түштүк Кореянын колдоосуна ээ болгон жок. Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Александр Лосюков ушул жумада жасаган билдирүүсүндө: "Опузалоонун ордуна Вашингтон Пхеньяндын коопсуздугун кепилдегени оң.Ошондо Түндүк Кореяны кепке көндүрүү үчүн биз да өз кадырыбызды салмакбыз",-деди.

Вашингтон менен Пхеньяндын ортосундагы опурталдуу тирештен чочулап турган Түштүк Корея азыр АКШны кандай болсо да эпке келтирип, түндүктөгү коммунисттик режим менен сүйлөшүү үстөлүнө отургузуунун аракетин жасоодо. Бул тема Жорж Буштун коопсуздук маселелери боюнча кеңешчиси Кондализа Райс менен Түштүк Кореянын президентинин чабарманы Ким Су Жуундун шаршемби күнү Вашингтондо болуп өткөн жолугушуусунда башкы маселе катары талкууланды. Анын жүрүшүндө Райс айым АКШ Түндүк Кореяга кол салбай турганын дагы бир жолу бышыктады. Ошол эле күнү Кытайдын тышкы иштер миинстри АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Вашингтонду Пхеньян менен сүйлөшүү өткөрүүгө чакырды. Ал эми Европада Еврокомиссия Түндүк Кореяга жалпы баасы 9,5 миллион еврого барабар гуманитардык жардам жиберүүнү чечти. Еврокомиссиянын өкүлү Поль Нильсон "мындай жардам Түндүк Кореянын чырагына май тамызып, анын өзөлөнгөнүн күчөтөт" деген оппоненттердин көз караштарын четке какты. Түндүк Корея темасын Пекинде Кытайдын жана Франциянын тышкы иштер министрлери талкуулашып, араздашып жаткан тараптардан диалог жүргүзүүнү талап кылышты.

Пхеньян өлкөнүн "атомдук программасын Түндүк Кореяга кол салуу үчүн шылтоо катары пайдаланганы жатат" деп АКШны айыптап, мындай "кылмыштуу саясаттан" Корей жарым аралында атомдук согуш чыгып кетиши мүмкүн экендигин эскерткен. Андай кезде Түштүк Корея менен Япония АКШга өчүгүп турган Пхеньяндын биринчи бутасы болуп калышы ажеп эмес. Кырдаал курчуп кетсе эки корей өлкөсүнүн чек ара тоомунда турган америкалык 37 миң солдатты Вашингтон Түштүк Кореядан чыгарып кетиши да мүмкүн. Непадам абал ушуга жетсе,Түштүк Корея калканчсыз эле калбастан чет элдик инвесторлордон да ажырайт. Капиталын тобокелге салгысы келбеген инвесторлор өлкөдөн кете баштайт.Бул болсо негизинен инвестициянын арты менен өнүгүп жаткан Түштүк Корей экономикасынын таш-талканын чыгарышы ыктымал.Дал ушундай калпыс келечек Сэулду колдо бар бардык саясий жана дипломатиялык каражаттарын пайдаланып,опурталдуу жагдайды жөнгө салуу үчүн күч үрөгөнгө мажбур кылууда.
XS
SM
MD
LG