Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:28

Ош областынын губернатору Накен Касиев Аравандагы «Акбула» пахта заводунун жумушчулары менен жолугушту


Жолугушуу учурунда ишкананын жамааты заводдун 80% акциясына ээлик кылган «Айренген ЛТД» бизнес компаниясынын өкүлү Александр Румянцевдин жоруктарына нааразылык билдиришти. Атап айтканда,жумушчуларга алты ай бою айлык, эки жыл бою дивиденд бере албагандыгын, заводду күрөөгө коюп, өзү кредит алып жүргөндүгүн, заводго бир дагы инвестиция алып келбегендигин, пахта булаларын эч кимге билдирбей белгисиз бир өлкөлөрдө сатып жүргөндүгүн айтышты. Губернатор Накен Касиев бул маселе боюнча Александр Румянцев менен ачык сүйлөшкөнгө убада берди.Губернатор билдирген маалыматтар боюнча, Румянцев азыр Санкт-Петербургда жүрөт,жакын аралыкта Ошко кайтып келет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG