Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:10

Тоо Жылына арналган республикалык конкурстун жыйынтыгы чыгарылды


80 миң сомдук биринчи сыйлык Талас районунун Көпүрөбазар жана Атбашы районунун Акмуз айылдарына ыйгарылды.60 миң сомдук экинчи сыйлыкка Баткен районунун Кайыңды жана Каракулжа районунун Коочаты айылдары арзыды. Үчүнчү орунга Чаткал районунун Башкытерек, Тоң районунун Арчалы жана Жайыл районунун Суусамыр айылдары чыкты, алардын ар бири 40 миң сомдук сыйлык алышат.Конкурстун жеңүүчүлөрүн сыйлоо үчүн өкмөттүн резервдик фондунан 400 миң сом бөлүнүүдө. Эл аралык Тоо Жылына карата жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында социалдык өнүгүүгө муктаж болгон тоолуу райондордогу 258 айылдын 77синде телекөрсөтүү, 38инде радиоуктуруу калыбына келтирилген, жергиликтүү маанидеги 700дөй өнүгүү фонддору түзүлгөн.Конкурс алыскы элеттеги айылдарды көрктөндүрүү, жакырчылыкты азайтуу максатын көздөгөн эле.

XS
SM
MD
LG